Перейти на новый сайт

Ак ниеттүүлүк жана ишенимге таянган бекем мамилелер

 

Ак ниеттүүлүк жана ишенимге таянган бекем мамилелер


10 июлда Vefa Center соода борборунда жайгашкан MegaCom тейлөө борборунда MegaCom түйүнүнүн жеке абоненттерин сыйлоо салтанаты болуп өттү.

Күбөлүктөрдү берүү салтанаты MegaCom компаниясында дайыма иштөөчү абоненттердин лоялдуулук программасынын алкагында болуп өттү.

«Биздин компаниянын негизги артыкчылыгы – кардарлагка кам көрүп, ар бир абонентке жеке мамиле жасоого умтулабыз», - деп баса белгилей кетти коммерциялык директордун орун басары Жылдыз Караталова. – «Бул багытта ишибизди оптималдаштыруу максатында биз лоялдуулук программасын иштеп чыкканбыз, бул программа кардарларыбыз менен бекем мамиле курууга жардам берип, кардарларыбыз менен ак ниеттүүлүк жана ишенимге таянган мекем мамилелерди түзөт».

Белектер жана күбөлүктөр 2008-жылдын жаз айларында төмөнкү кошумча кызматтардан эң активдүү пайдаланып келген 9 абонентке тапшырылды: 

1. «Сүйүктүү номер» тарифтик опциясы;
2. «Сүйүктүү өлкө»;
3. ММS кызматы;
4. WAP кызматы;
5. «Мобилдик интернет» кызматы;
6. SMS-билдирүүлөрү;
7. «Түнкү сүйлөшүүлөр» тарифтик опциясы;
8. «Эларалык чалуулар» кызматы;
9. «Роуминг» кызматы.

Кошумча кызматтардан көп пайдаланган абоненттерди ушинтип куттуктоо иш-чаралары келечекте да улантылмакчы. Мындан тышкары түйүндүн эң активдүү абоненттерин да ар түрдүү иш чаралар күтүп турат.

 Салтанат болуп өткөн жерден фоторепортаж

555 командасы. Бардыгы-өз адамдар!

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы