Перейти на новый сайт

Жакшылык жасоо оңой! MegaCom’дун кызматкерлери 20 литрге жакын кан тапшырды

Жакшылык жасоо оңой! MegaCom’дун кызматкерлери 20 литрге жакын кан тапшырды

Кан тапшыруу – адам өмүрүн сактап калууга себепчи болгон жакшы миссия! Муну MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун кызматкерлери мыкты түшүнөт.

28-сентябрда MegaCom’дун башкы кеңсесинде салтка айланып калган, жыл сайын өткөрүлүүчү донорлук кан тапшыруу акциясы өттү. Анын жыйынтыгында, Республикалык кан борборуна дээрлик 20 литр кан тапшырылды.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстандагы кан запасын толуктоо, саламаттыкты сактоо мекемелерин анын компоненттери менен камсыздоо жана мекендештерди мындай жакшылык иштерге активдүү катышып, ыктыярлуу донорлордун катарына кошулууга чакырык жасоо.

Акциянын жүрүшүндө анын компоненттерине муктаж болуп жаткандарга жардам берүүгө MegaCom’дун бардык кызматкерлери, анын ичинде жаңы келгендер да, көптөн бери кан тапшырып жүргөн тажрыйбалуу донорлор да кол сунушту. Кан берүү боюнча такталган эрежелерге ылайык, процедуранын алдында кызматкерлер бардык керектүү текшерүүлөрдөн өтүштү.

«Биз донорлор тапшырган кан кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калышы мүмкүн экенин жакшы түшүнөбүз. Мобилдик пункт MegaCom’дун кеңсесине орнотулгандыктан кан тапшыруу кызматкерлердин көп убактысын алган жок. Жамааттагы донорлорду көргөн башка кызматкерлер да мындай кайрымдуу ишке тартылып, кан берүүнү каалагандардын саны уламдан улам көбөйүп жатат», - дешти компаниядан.

Республикалык кан борборунун айтымында, рейтингде MegaCom мындай акцияга активдүү катышкан компаниялардын алдыңкы сабына кирет, бул андагы кызматкерлердин социалдык чоң жоопкерчилигинен кабар берет. Донорлук канга жыл сайын эчендеген жаңы төрөгөн келиндер, гематологиялык жана онкологиялык оорулар менен жабыркаган адамдар, хирургиялык оор операциялар жасалган бейтаптар, жол кырсыгына кабылган жарандар жана башка кыргызстандыктар муктаж болот.

Ыктыярдуу түрдө кан тапшыруу кайрымдуулук иш-чарасы MegaCom компаниясы жана Республикалык кан борбору тарабынан 9 жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жылдар аралыгында компаниянын 450дөн ашык кызматкери кан тапшырган, анын ичинде көпчүлүгү туруктуу донорлор болуп калышты. Жалпысынан, 2013-жылдан бери 270ге жакын литр кан тапшырылган.

MegaCom – мекендештердин көйгөй жана муктаждыктарына кайдыгер карабаган, социалдык жоопкерчиликтүү компания. Маданият, спорт тармактарындагы долбоорлорду демилгелөө менен катар эле саламаттыкты сактоодогу иш-чараларга да туруктуу колдоо көрсөтүп келет.

Кан тапшырып, адам өмүрүн сактап калуу – оңой, болгону Республикалык кан борборуна кайрылуу жетиштүү. Сиз да катарга кошулуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы