Окуу китептеринин ижара акысын жана электрондук күндөлүктүн акысын MegaPay аркылуу төлөңүз
Мектеп окуучулары жана ата-энелер үчүн кубанычтуу кабар! Мындан ары окуу китептери жана электрондук күндөлүк үчүн накталай төлөө муктаждыгы жок – MegaPay тиркемесинде билим берүү кызмаматтары үчүн дароо төлөм жүргүзүүчү «Жаңы китеп» жана «Күндөлүк» сервистери жеткиликтүү. Транзакцияны Кыргызстандын каалаган аймагынан 24/7 режиминде экранды бир нече ирет басып ишке ашырууга болот.
«Жаңы китепте» окуу китептеринин ижара акысын кантип төлөсө болот:
- MegaPay тиркемесиндеги (жүктөп алуу үчүн Google Play жана App Store’до жеткиликтүү) «Сервис» бөлүмүнө өтүп «Жаңы китеп» баракчасын ачыңыз;
- мектептин кодун жазып, окуу жылын жана классын тандаңыз, класстын тамгасын белгилеңиз, окуучунун аты-жөнүн жана төлөмдүн суммасын жазыңыз;
- транзакцияны тастыктаңыз.
Электрондук «Күндөлүк» үчүн төлөм жүргүзүүгө төмөнкүлөрдү аткаруу жетиштүү:
- MegaPay тиркемесинде «Төлөм» бөлүмүнө, андан кийин «Билим берүү» баракчасына өтүңүз. Андан «Күндөлүк – маалыматтык-билим берүү кызматтары үчүн төлөм бөлүмүн тандаңыз;
- окуучунун жеке эсебин жана төлөнө турган сумманы жазыңыз.
Даяр! Белгилей кетсек, «Жаңы китеп» кызматына төлөм үчүн комиссия 5 сомду, «Күндөлүк» электрондук күндөлүк үчүн – 0 сомду түзөт!
Убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөңүз – 800дөн ашык кызматтар үчүн тез, ыңгайлуу, ишенимдүү онлайн төлөм жүргүзүү үчүн MegaPay’дин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланыңыз.
MegaPay – жашооңуздагы ар тараптуу жардамчыңыз!