Перейти на новый сайт
MegaCom белек берип ар бир абонентине «Ыракмат!» айтат

 

MegaCom белек берип ар бир абонентине «Ыракмат!» айтат.

MegaCom компаниясы Кыргызстанда биринчи болуп сыймыктануу менен өзүнүн туруктуу кардарларына лоялдуулук программасын тартуулайт, ал аркылуу MegaCom түйүнүнүн абоненттерине тейленүү мөөнөтүнө жараша автоматтык түрдө жеңилдиктер берилет.

Абоненттердин камын чындап көргөн оператор жаңыларын гана издебей, колунда барын урматтайт. MegaCom компаниясы өз абоненттерин жогору баалап, эски кардарларга белек берүүнү салтка айландырган. Өлкөдөгү оператолордон биринчи болуп бардык лоялдуу абоненттерин MegaCom түйүнүн жарым жыл же андан да узак колдонгону үчүн сыйлоого даяр!

MegaCom компаниясы ар бир кардарына белек берип, «Ыракмат!» айтуусу менен, MegaCom абоненти бир жолу түйүнгө кошулганда туура тандоо жасап, «555 Командасынын» чыныгы мүчөсү болгонун баса белгилейт. Ал өз келечегин тандады, мыкты жана сапаттуу байланыш коштогон келечекти, ошондой эле баарлашуу ыракатын, анткени «555 Командасында» мүчө болу - MegaCom компаниясынан толгон жагымдуу сюрприздер.

25-сентябрдан тартып MegaCom түйүнүндө канчалык көп сүйлөшсөңүз, ошончолук көп жеңилдик аласыз! Бул бир нече этаптан турган лоялдуулук программасынан улам мүмкүн болду. Биринчи кадам – «Сүйктүү номерге» чалуулардагы негизги жеңилдикке дагы кошумча жеңилдик берилүүсү.

Лоялдуулук программасындагы жаңы сунуштун шарттары жөнөкөй: MegaCom түйүнүнүн кызматын канчалык узак колдонсоңуз, «Сүйктүү номер» кызматына жеңилдик ошончолук чоң болмокчу. MegaCom түйүнүндө 6 айдан 1 жылга чейин тейленгендер «Сүйүктүү номерге» жалпысынан 60% жеңилдик, 1 жылдан 2 жылга чейин – 70%, ал эми 2 жылдан ашуун колдонгон абоненттерге тоугу менен 80% жеңилдик берилет!

MegaCom өз кардарларын дайыма эстеп, кам көрөт, тандоосун жана көрсөткөн ишенимин жогору баалайт. Дал ушун үчүн кеңримасштабдуу лоялдуулук программасынын жүрүшүндө компания туруктуу кардарларын кубандырып ар түрдүү жагымдуу жана пайдалуу бонустарды, кызыктуу сунуштарды, ал тургай иш окуяларды тартуулап, кызыкчылыгын арттырып, сый көрсөтүп турмакчы.

Биз менен болуп, ыракаттана көбүрөөк баарлашыңыздар!

Лоялдуулук программасы жана кошулуу шарттары тууралуу толук маалымат бул жерде.

«555 Командасын» тандап – келечегиңди тандадың!

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы