MegaCom маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) тейлөөнүн алдын ала төлөм формасындагы абоненттерине 2021-жылдын 21-июнунан тартып телефондун балансында каражат жок болгон учурда роумингге тоскоолдуксуз катталып, жана да «Роумингге шартсыз катталуу» кызматынын алкагында акысыз сервистерди пайдаланса боло тургандыгын маалымдайт.
Абонент *154# USSD-буйруусунун жардамында кызматты өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ же болбосо *155*1# USSD-буйруусун терип аны дароо кошсо болот (кошулууда “Роуминг” кызматтары).
Шарты |
USSD-буйруу |
---|---|
Кызматты кошуу |
*154*1# |
Кызматты өчүрүү |
*154*0# |
Маалыматты суроо / кызматтын статусун текшерүү |
*154*2# |
Кызмат жаңы SIM-карта алып, аны активдештирген учурда гана жеткиликтүү болот. Бир гана интернет-сервистер үчүн арналган тарифтик планга кошулган SIM-карталар эске алынбайт. Кызмат «Salam» соода маркасынын тарифтик пландарына жана MegaCom операторунун «MegaБит», «СуперЧектөөсүз 4G», «Акылдуу түзмөктөр», «MegaHome», «Ылдам интернет» тарифтик пландарына жайылтылбайт.