Перейти на новый сайт
MegaCom 2018 -жылга карата өзгөчө календарын чыгарды

MegaCom 2018 -жылга карата өзгөчө календарын чыгарды

Жаңы жылды утурлай MegaCom компаниясы өз кардарлары жана өнөктөштөрү үчүн жаңы  корпоративдик календарын чыгарды. Календарларында улуттук маданий баалуулуктарды  чагылдыруу компания үчүн салтка айланып калгандай. Бул жылы элибиздин  улуттук музыкалык аспаптарына басым жасалгандыгы да бекеринен эместир.

Улуттук аспаптарыбыз чагылдырылган календардын жасалгасы тууралуу учкай кеп сала кетели. Музыкалык аспаптарыбыздын жаралуу тарыхы жаратылышыбыз менен тыгыз байланыштуу, ал эми алардын ар бири көргөндүн көз жоосун алган табигатыбыздын кооздугун өзгөчө музыка тили менен сүрөттөп бергенсийт.

Календардын ар бир бетинде бир музыкалык аспаптын сүрөтү бар. Музыкалык аспапты көрүп эле тим болбостон, аны ойнотууга да мүмкүн болгондугу – бул 2018-жылдагы календардын ажайып өзгөчөлүгү. Муну ар бир сүрөттүн бурчунда жайгаштырылган атайын QR-код аркылуу ишке ашырууга болот. Мобилдик телефонго QR-коддорду тааныгыч тиркемени орнотуп алуу жана  камеранын объективин тандалган кодду каратуу жетиштүү. Андан соң смартфондо чагылдырылган шилтемеге өтүү керек.

Ата Мекендик мобилдик оператор элибизди тарыхый баалуулуктарын сактоого, маданиятын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана колдоо көрсөтүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы