MegaCom «IP Байланыш» кызматынын шарттарына өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси), 2017-жылдын 30-октябрынан тарта, «IP Байланыш» кызматынын Казакстан багыты боюнча кызмат көрсөтүү шарттарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын өз абоненттерине маалымдайт:
- Катталган жана мобилдик номурларга чалуулардын наркы мүнөтүнө 4,95 сомду түзөт (КНСти эсепке алып, ССти эсепке албаганда);
- Бул багыттан Tele 2 жана Altel операторлору чыгарылды, б.а. 7708, 7700, 7707, 7747 префикстери менен номурларга чалуулар туура эмес терилген номур катары бааланат.