Перейти на новый сайт
MegaCom келе жаткан 2015-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт

MegaCom келе жаткан 2015-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт

MegaCom компаниясынын жамааты кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен чын дилинен куттуктайт жана майрам күндөрү күтүлүүчү жүктөмгө тармактын даярдыгын билдирет!

Жыл жыйынтыгын чыгарууда компания тарабынан жетишилген сапаттык жогорку көрсөткүчтөрдү белгилей кетүү абзел, кошумча кызматтар тармагында жана аймакты байланыш менен камтуу боюнча MegaCom компаниясы КМШ өлкөлөрүнүн премиясына татыктуу болуп, бул багытта да мыктылардын катарын толуктады.

Сөзүбүзгө аралжы, республикабыздын бир катар басылмалары тарабынан белгиленгендей туруктуу өнүгүүнү шарттаган каржылык көрсөткүчтөрү үчүн MegaCom дагы бир ирет Кыргызстандын мыкты уюлдук оператору болуп табылды. Өткөн жылы компаниянын уюшулгандыгынын 8 жылдыгы белгиленди.

Келе жаткан жыл ар бир үйгө бейпилдик, бакубаттык жана молчулук алып келсин.

Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!
Урматтоо менен, MegaCom компаниясынын жамааты

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы