Перейти на новый сайт
MegaCom жаңы Фирмалык салондорду ачууда

MegaCom жаңы Фирмалык салондорду ачууда

Өлкө боюнча MegaCom компаниясынын филиалдык түйүндөрүнүн саны арбып келет. Жаңы жылды утурлай Баткен облусунун Айдаркен шаарында, Халмион айылында жана Чүй облусунун Кемин шаарчасында жаңы Фирмалык салондор ачылды.

Жаңы жылдык майрамдарга карата жаңы салондордун бардык кардарлары төмөндөгүдөй акцияларга катыша алат:

  • 2014-жылдын 26-декабрынан тарта 2015-жылдын 8-январына чейин түйүнгө кошулган же балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган бардык абоненттерге «SMS бонус» акциясынын алкагында түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон кепилденген акысыз 50 SMS 10 күнгө берилет;
  • 2014-жылдын 25-декабрынан тарта 2015-жылдын 7-январына чейин, 50 пайыз жеңилдик менен «алтын» жана «күмүш» категорияларындагы номурларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү тартууланат.

Фирмалык байланыш салондорунан компаниянын абоненттери кызматтардын толук топтому менен пайдаланып, тагыраак айтканда, оператордун тармагына кошулуп кошумча кызматтарды кошуп, SIM-картаны сатып алып же каттоодон өткөрүп, өз мобилдик эсебин комиссиясыз толуктап жана да мобилдик байланыш кызматтары боюнча бардык суроолоруна жооп ала алышат.

Жаңы Фирмалык салондор төмөнкү даректер боюнча өз абоненттерин күтөт:

  • Баткен облусу, Кадамжай району, Айдаркен, Базарная көч. (Автобекет);
  • Баткен облусу, Кадамжай району, Халмион айылы («Баяман-Баатыр» базары);
  • Чүй облусу, Кемин шаарчасы, Токомбаев көч., 4А.

Жаңы фирмалык салондордун кесипкөй адистери Сиздерди саат 9:00дөн 18:00гө чейин күтүшөт, тыныгуу убактысы саат 12:30дан 13:30га чейин, дем алыш күнү –жекшемби.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы