MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 3-августта, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош областынын Савай, Кышкар-Кышлок , Кышкар-Кыштак, Кыдырша айылдары; Кара-Суу шаарынын Ленин, Г.Айтиев көчөлөрү жана “Кыргызгаз” ААКтын аймагы;
- Ош шаарынын КУЭТ, ЖЭТИ, Илимдер Академиясынын, №22-автобазасынын аймагы, Эшматов, Низами, Карл Маркс, Мамыров, Целинная, Маматкаримов көчөлөрү, Масалиев проспектиси, “Батыш”, “Түштүк”, Ак -Тилек кичи райондору, Чүй областынын Сосновка айылы; Бишкек шаарынын Уметалиев көчөсү камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы