Перейти на новый сайт
MegaCom активдүү абоненттерин сыйлады

MegaCom активдүү абоненттерин сыйлады

Өтүп бараткан жылдын жыйынтыктары боюнча MegaCom компаниясынын кызматтары менен пайдаланган эң активдүү абоненттер аныкталды.

2011-жылдын 20-декабрында  Vefa соода борборунда Бишкек шаарынын активдүү абоненттерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Уюлдук байланыштын активдүү колдонуучулары “Эң активдүү абонент”, ”Эң баалуу абонент”, “Эл аралык байланыш мүмкүнчүлүгү кызматын чексиз сүйүүсү үчүн”,” SMSтин эң активдүү колдонуучусу”,  “MMSтин  эң активдүү колдонуучусу, ”GPRSтин эң активдүү колдонуучусу“,”MegaMusicтин эң активдүү колдонуучусу” наамдары боюнча сыйланышты.

«MegaCom компаниясы КРнын эң ири уюлдук оператору болуп саналат жана лоялдуу программасы боюнча өз абоненттерин дайыма сыйлап келет. Программанын алкагында 2011-жылдын телефондук чалууларды аткарган,  SMS жана MMS билдирүүлөрдү жөнөткөн жана интернет - трафикттин Мегабайттарын пайдаланган эң активдүү абоненттер, биздин компаниянын сыйлуу белектерине жана MegaCom тармагынын ичинде акысыз сүйлөшүүлөр үчүн  300 жана 500 мүнөттүк сертификаттарына ээ болушат. Биздин компания ар дайым өзүнүн абоненттерин урматтап келет», - деп MegaCom компаниясынын сатуу боюнча директору Нурлан Даминов билдирди.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы