Перейти на новый сайт
Баткендиктер MegaComго ыраазычылыгын билдиришти

Баткендиктер MegaComго ыраазычылыгын билдиришти

Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурканов өзүнүн жана Баткен облусунун тургундарынын атынан үстүбүздөгү жылы жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен Лейлек району менен Сүлүктү шаарына өз убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн Мегаком компаниясына ыраазычылык катын жолдоду.

“Сиздер жөнөткөн жардам Лейлек районундагы жана Сүлүктү шаарындагы табият кырсыгынан жапа чеккен жарандарыбызга таркатылып берилди. Элдин башына кыйынчылык түшүп турган маалда алгачкылардан болуп жардам көрсөткөн “Мегаком” компаниясынын жардамын Баткен облусунун эли жогору баалайт жана эч качан унутпайт”, - дейт А. Бурканов.

Баткен облусунун Лейлек району жана Сүлүктү шаарында 12-июнь күнү нөшөрлөп жааган жаандан 350дөй мал жандык селге агып, 200дөн ашык турак жай жабыркаган болчу. Аталаган аймакктарга MegaCom эки миллион сомдон ашык суммага иче турган суу, ун, өсүмдүк майы, шекер, чай, туз, макарон азыктары жүктөлгөн, төрт КАМАЗ жөнөткөн эле.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы