Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын туулган күнү «Дискотека Авария» менен бирдикте

MegaCom компаниясынын туулган күнү «Дискотека Авария» менен бирдикте

Биз менен бүтүндөй өлкө боюнча 2 миллиондон ашык абонент! Жөнөкөйлөштүрүп айтканда ар бир үчүнчү кыргызстандык– MegaCom абоненти, демек – өлкөнүн ар бир үчүнчү жашоочусу бүгүн туулган күнүн белгилеп жатат! – деп билдирди “Спартак” стадионунда беш жылдык жыйынтыкты чыгарып, белгилүү дата менен куттуктап жатып башкы директордун милдетин аткаруучу Алмаз Абеков.

Биринчи улуттук оператор 5 жашка толду. Бул жылдар аралыгында көп нерселерге жетиштик: туруктуу сапаттуу байланыш, миңден ашык базалык станциялар, тейлөө борборлору жана бир катар дилердик пункттар ишке кирди. Компания республиканын ири салык төлөөчүлөрүнүн ичинде экинчи орунга чыгып, Кыргызстандагы эң ири меценат болду.

Туулган күнүнө карата MegaCom компаниясы борборго, өз масштабы боюнча таң калтырган белек тартуулады. «Спартак» стадионунда өткөн концерт ата-мекендик эстрадасынын жылдыздарын жана Москва шаарынан меймандарды – атайы ушул майрам үчүн бир суткага Кыргызстанга келишкен «Дискотека Авария» тобун чакырды.

“Буга чейин Кыргызстанда биз бир жолу гана ырдаганбыз, бизге жаккан. Мына ошондуктан MegaCom компаниясынын Бишкектин ири стадионунда чыгып концерт берүү чакырыгына кубануу менен макул болдук. Солист Николай Тимофеев жакында эле бутун кокустатып алган, мына ошондуктан 15 жыл аралыгында алгачкы жолу ал сценада секире албайт. Бирок Бишкекке көңүлдүү кечти камсыз кылабыз! – деп ишендирди журналисттерди концерттин алдындагы конференцияда «Авариянын» катышуучулары.

Кечки Бишкекте “Дискотеканын” мегахиттери жаңырган учурда асманга көңүлдү которгон фейерверк чачырады.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы