Перейти на новый сайт
MegaCom келечектеги «айтишниктер» менен тажрыйба бөлүшүүдө

MegaCom келечектеги «айтишниктер» менен тажрыйба бөлүшүүдө

MegaCom компаниясы Борбордук Азиядагы эл аралык университетинин инжинерлик тайпасында окуган студенттери үчүн экскурсия өткөрдү. Компаниянын мыкты адистери “жаш кесиптештерин” уюлдук байланыш кызматтарын сунуштоо тажрыйбасы менен тааныштырып, байланыш жабдуусун, сервер, өрт өчүрүү системаларын көрсөтүштү. MegaCom компаниясына эки сааттык сапардын жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын алдынкы уюлдук байланыш операторунун техникалык жана IT-адистеринин иши менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

- Келечек бүгүнкү күндөн башталат. Учурда компаниянын бүтүндөй техникалык бөлүгү жаңы долбоорду ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Конвергенттик түйүн MegaCom абоненттери үчүн бүтүндөй өлкө боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бүгүн экскурсияга келген студенттер эртең биздин кызматкерлер болуп калышы да мүмкүн, - деген оюн MegaCom түйүнүн эксплуатациялоо тармагы бөлүгүнүн начальниги Дмитрий Богомолов билдирди.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы