Перейти на новый сайт

«Каракол» базасында 2017-2018 тоо лыжа сезонунун ачылышы

«Каракол» базасында 2017-2018 тоо лыжа сезонунун ачылышы

Өткөн аптанын дем алыш күндөрү, 25-26-ноябрда, мекенибиздин алдыңкы операторунун колдоосу менен «Каракол» тоо лыжа базасынын ачылышы болуп өттү. Сезондун ачылышы – таза абадан кере-кере дем алып, ак карга чулганган табигат койнунда эс алууну сүйүүчүлөр үчүн көптөн күткөн күн. Чогулгандар үчүн кызыктуу программа даярдалып, кызыктуу таймаштар, түрдүү викториналар өткөрүлүп, күн нуруна чагылыша көз уялткан теребелде жан эргиткен мукамдуу музыка жаңырып турду. Биринчи күнү алып баруучулар лыжачыларды, сноубордчуларды слалом-гигант боюнча мелдештерге катышууга чакырып, каалоочуларды каттап жатышты. Эстафеталарга, викториналарга жана жарыштарга чоңдордон кичинелерге, тажрыйбалуулардан тарта жаңыдан өздөштүрүп жаткандарга чейин жигердүү катышты. Спорттук мелдештерге катышкандардын катарында кыргызстандыктар эле эмес, Казакстандан, Өзбекстандан, Россиядан жана башка өлкөлөрдөн келген лыжачылар жана сноубордчулар да бар. Чогулгандар тарабынан MegaCom байланыш кызматтарына берилген татыктуу баа да кубандырбай койбойт.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы