Перейти на новый сайт


«4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

Көңүл бургула, бул архивдеги акция
  • Сүрөттөлүшү

4G Wi-Fi Wingle – Wi-Fi таратуу функциясы бар жыйнактуу USB-модеми

MegaCom активдүү интернет-колдонуучуларын жагымдуу бонустары менен кубандырып келет. Эми 4G Wi-Fi Wingle түзмөкгүн сатып алууда сизге 60 күн Интернет белекке берилет!

Ыңгайлуу сунушту колдон чыгарбаңыз! MegaCom компаниясынын 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагында жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборунун же Фирмалык салондорунун бирине кайрылып, 4G Wi-Fi Wingle түзмөкгүнүн ээси болуңуз. Сизге Чектөөсүз 4G тарифтик планынын алкагында 60 күн интернет белекке берилет. Ошентип интернет үчүн абоненттик төлөм жүргүзүүдө сиз 2 580 сом үнөмдөп калсаңыз болот.

  • 61-күндөн тарта Чектөөсүз 4G тарифтик планынын стандарттык шарттары ишке киргизилип, аларга ылайык абоненттик төлөм 30 күнгө 1290 сомду түзөт.
  • Чектөөсүз 4G тарифине акция боюнча кошулууда тарифти алмаштыруу мүмкүн эмес.
  • 4G Wi-Fi Wingle түзмөкгүн сатып алуу үчүн жаныңызда инсандыгыңызды тастыктаган документиңиздин болуусу зарыл.
  • 4G Wi-Fi Wingle түзмөкгүн кайра кайтаруу жана алмаштыруу кепилдик учурда мүмкүн.
  • Акциянын аракет мөөнөтү - 31.12.2019-ж. чейин (кошо алганда).
  • Сунуш чектелген, жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө бороборунда же Фирмалык салондо түзмөктүн бар экендигин *500 номуру аркылуу билсеңиз болот.
  • 4G Wi-Fi Wingle түзмөкгүнүн наркы  - 2200 сом (салыктарды эсепке алуу менен).
  • Акция алкагындагы Чектөөсүз 4G тарифтик планы менен SIM-карта комплектидеги түзмөк менен бирге колдонгондо гана туура иштейт.

 

Саркеч жана жыйнактуу 4G Wi-Fi Wingle 10 метрге чейинки радиустагы Wi-Fi түйүнүн түзүп, бир убакта 10го чейинки Wi-Fi түзмөктү (смартфондор, планшеттер, компьютерлер, телевизорлор ж.б.) кошо алат. LTE cat4 колдоосу маалыматты 150 Мбит секундасына чейинки ылдамдыкта жөнөтүүнү камсыздайт. Wingle түзмөгү USB-кубаттандыруучудан иштейт, мындай мүмкүнчүлүк алыска чыкканда, иш сапарында, көчөдө, унаада түзмөктү Power Bank кубаттандыруучусуна кошуп интернет менен колдонууга шарт түзөт. Huawei HiLink (Android же iOS үчүн) колдонмосунун жардамы менен түзмөктүн тууралоосун мобилдик телефонуңуздун  экранынан Wi-Fi боюнча башкаруу мүмкүн.

Параметр Мүнөздөмөлөрү
Модель E8372
Түйүн

4G: LTE cat4 – 150 Мбит/сек чейин

3G: UMTS, DC-HSPA+ - 42 Мбит/сек чейин

2G: GPRS, EDGE – 236,8 Кбит/сек чейин

SMS кабыл алуу/жөнөтүү.

USSD колдоо.

4G диапазондору: FDD Band 1 (2100 МГц), FDD Band 3 (1800 МГц), FDD Band 8 (900 МГц) жана FDD Band 20 (800 МГц)

Интернет түйүнүнө кошулуу үчүн конфигурациялык параметрлер түзмөктө алдын ала орнотулган, Wingle Интернетке мобилдик түйүн боюнча автоматтык түрдө кошулат.

Wi-Fi түйүнүнүн мүнөздөмөсү

IEEE 802.11 b/g/n

Wi-Fi жыштыктар диапазондору: 2,4 ГГц/ 5 ГГц

Антенна

Ички антенна

MIMO колдоосу менен CRC9 тышкы антеннасына туташтыргыч.

Wi-Fi түйүнүнүн иштөө радиусу 10 метрге чейин
Кошулуучу Wi-Fi түзмөктүн саны 10го чейин
Маалыматты коргоо WEP, WPA-PSK, WPA-PSK2, TKIP, AES.
Өлчөмү 94 х 30 х 14 мм.
Салмагы 50 г.
Корпустун түсү Ак
Операциялык системаларды колдоо

Windows (XP, Vista, 7/8/8.1/10);

Mac OS (10.7 жаңылоолору менен).

ПК үчүн драйверлерди автоматтык түрдө орнотуу Бар
Интерфейс USB 2.0 (А түрү)
MicroSDни колдоо 32GB чейин
Түйүн сигналынын индикатору

Жашыл - 2G түйүнүнө кошулду;

Көк – 3G түйүнүнө кошулду;

Көгүлтүр – 3G+/4G түйүнүнө кошулду.

SMS-билдирүүлөр индикатору

Жашыл – окулбаган билдирүүлөр бар;

Жашыл болуп жанат – билдирүүлөр эс тутуму толгон;

Түзмөктүн себили (комплект)

4G Wi-Fi Wingle E8372;

Тууралоо жана пайдалануу боюнча кыскача колдонмо;

Коопсуздук техникасы боюнча колдонмо;

Кепилдик талон.

Гарантия 3 ай

Чектөөсүз 4G Wi-Fi Wingle» тарифтик планына  алгачкы жолу кошулган учурдан тарта абонентке алгачкы 60 күн абоненттик төлөмсүз триал мөөнөт берилет. Триал мөөнөттүн ичинде аталган тарифтик план боюнча топтом  компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунан жана Фирмалык салондорунан сатып алууга мүмкүн болгон (ушул SIM-карталары менен) түзмөктөрдө гана иштейт. Чектөө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондорунда аракетте болот.


Сунушталган кызматтар

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы