Перейти на новый сайт

Роуминге SIM-картаны калыбына келтирүү

«K`cell (Казакстан) түйүнүндө SIM-картаны калыбына келтирүү» кызматы

«Роумингде SIM-картаны калыбына келтирүү» кызматы  K`cell (Казакстан) операторунун түйүнүндө  MegaCom SIM-картасын (бузулган же жоголгон учурда) калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн шарттайт.

Кызмат акысыз көрсөтүлөт.

Казакстанда MegaCom SIM-картасын калыбына келтирүүнү кааласаңыз, төмөнкү даректер боюнча жайгашкан K`cell операторунун кеңселерине кайрылсаңыз болот:

  • Алматы ш., Самал 2 кичирайону 100
  • Нур-Султан ш., Республика пр. 8.