Перейти на новый сайт

Компаниянын туулган күнүнө карата конкурс

MegaCom  компаниясы туулган күнүнө карата интернет-колдонуучулар арасында конкурс жарыялайт.

MegaCom  корпоративдик  обонуна  төп  келген клиптин вариантын сунушта жана ‎Iphone‬  утуп ал!‬‬‬

Катышуучулар

  • жеке катышуучулар — конкурс өткөрүлүп жаткан учурда Кыргызстандын аймагында  болгон, жаш курагы 12 жаштан төмөн болбогон, ачык жана чыныгы  аккаунту бар интернет-колдонуучулар.

  • жамааттык катышуучулар — конкурс өткөрүлүп жаткан учурда Кыргызстандын аймагында  болгон, жаш курактары 12 жаштан төмөн болбогон, ачык жана чыныгы  аккаунту бар чыгармачыл топ;

Конкурс жюриси
Катышуучулардын  эмгектери  компаниянын өкүлдөрү  тарабынан бааланат. Мындан тышкары жюринин курамына  атайын чакырылган журналисттер, ММК өкүлдөрү да кирет.

КОНКУРСКА КАТЫШУУНУН ШАРТТАРЫ: 

  • Конкурстун ар бир катышуучусу  MegaCom компаниясынын  корпоративдик обонуна клип тартып, конкурс тууралуу жарыя менен бөлүшүп, видеоклибин  өз баракчасына жайгаштырууда  MegaCom расмий баракчаларынын   бирин белгилөөсү керек.

  • Клиптин музыкасы  уюштуруу комитети тарабынан сунушталган MegaCom корпоративдик обонунан алынышы керек.

  • Конкурс өткөрүлүп жаткан учурда колдонуучу Кыргызстандын аймагында болуусу талап кылынат.

  • Компания кызматкерлери конкурска катыша албайт

  • Конкурска ачык жана чыныгы аккаунттар гана катыша алышат

  • Катышуучулардын жаш курагы 12 жаштан төмөн болбошу керек.

Тандоо критерийлери:

Конкурстун темасына шайкеш келүү;

Оригиналдуулук;

Жеткилең маалымат;

Графика, анимация, өтүүлөрдү  колдонууда бирдиктүү стилдин болушу жана алардын мазмунга шайкеш келүүсү;

Үн коштоосунун видеотасма  менен дал келүүсү.

  • Жумуштар 2015-жылдын 29-майына чейин кабыл алынат

  • Конкурста топтук жумуштар да  катыша алат

  • Ар бир пайдалануучу 3кө чейинки видео ролик жөнөтө  алат.

  • Конкурска катышуучунун (-лардын) түздөн- түз көчүрүлбөгөн фото, видео жана башка материалдардан турган жумушу кабыл алынат. Сунушталган жумуш жыйынтыгы үчүн конкурстун катышуучулары жооптуу. Катышуучулар өзүнүн жумуштарына  мыйзамдуу  автордук укукка ээ экендигине кепилдик беришет. Уюштуруу комитетинин дарегине түшкөн катышуучулардын жумуштарына тиешелүү болгон доо арыздар же башка келишпестиктер жаралган учурда, уюштуруучулардын талабы боюнча катышуучу жумушуна болгон автордук укуктарын тастыктоочу маалыматты( конфиденциалдуу маалыматтан тышкары) көрсөтүүгө милдеттүү. Болбосо, катышуучунун жумушу жокко чыгарылат жана  конкурска катыша албайт.   

  • Конкурстун катышуучулары, Уюштуруучулар тарабынан коомчулуктун көңүлүн буруу  максатында маалыматты (пресс-релиздер, Уюштуруучунун сайтында жана ММКда аталган Конкурс жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты жайгаштыруу) жайылтууда, Конкурсту өткөрүүнүн натыйжасында топтолгон катышуучулар жөнүндөгү маалымат жана Конкурска жөнөтүлгөн материалдар пайдаланылышы мүмкүн экендиги жөнүндө маалымдалат.  

  • Конкурстун жыйынтыктары социалдык тармактардагы MegaCom компаниясынын расмий баракчаларында жарыяланат.

Техникалык  талаптар

  • Видеоролик конкурстун темасына– Компаниянын туулган күнүнө байланыштуу болушу керек. Роликтин  узактыгы — 3 мүнөт.

  • Аткарылган жумуштун жыйынтыгында пайдалануучунун социалдык  тармактардын  биринде жүктөлгөн видеоролигине  шилтемени көрсөтүүсү зарыл. Видеоролик бардык пайдалануучуларга жеткиликтүү болушу керек. Үн коштоо( аудио )үчүн конкурсту жарыялоодо уюштуруу комитети тарабынан сунушталган MegaCom компаниясынын корпоративдик обону милдеттүү түрдө пайдаланылышы зарыл.

КОНКУРСТУН УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ

  • Конкурсту даярдоо, уюштуруу  жана өткөрүүнү жетекчиликке алат;

  • Конкурсту өткөрүү программасын бекитет;

  • Конкурстун жюри курамын бекитет;

  • Конкурска катышуу табыштамасын кабыл алуу мөөнөтү, конкурстун өткөрүү мөөнөтүн жана ордун белгилейт;

  • Катышуучулардын табыштамаларын кабыл алууну жана каттоону камсыз кылат;

  • Конкурстун байгелик фондун түзөт;

  • Конкурстун PR-коштоосун  жана  кадрлар менен камсыздоону ишке ашырат;

Уюштуруу комитети зарыл болгондо төмөндөгүлөргө укуктуу:

  • Конкурсту өткөрүү шарттарын өзгөртүүгө;

  • Конкурстун программасына кошумча иш -чараларды кошууга;

  • Конкурсту өткөрүү мөөнөттөрүн өзгөртүүгө;

  • Кошумча номинацияларды, наамдарды, белектерди уюштуруу жана уюштуруучулардын атайын белектерин берүүгө;

  • Конкурстун шарттарын аткабагандыгы  үчүн катышуучуларды дисквалификациялоого;

  • Жюри өзүнүн укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган учурда Конкурстун жыйынтыктарын жокко чыгарууга;

Уюштуруу комитети кепилдик берет:

- Конкурсту өткөрүү мөөнөттөрү өзгөргөн учурда, өзгөртүүлөр киргизилгенге  чейин 3 күндөн кем эмес убакыттын ичинде бардык катышуучуларга  алдын ала маалымдоого;

- Конкурстун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүүгө;

- талап кылынган бардык материалдарды жана документтерди катышуучуларга өз убагында жөнөтүүгө;

- жюринин компетенттүү баа берүүсүнө.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ АНЫКТОО ЖАНА СЫЙЛОО

  • Конкурстук материалдар жюри курамы тарабынан  бааланат.

  • Жюри мүчөлөрү конкурстук материалдарды баалоо критерийлерине ылайык 10 баллдык системасы боюнча баалашат. Жеңүүчүлөр  баллдардын максималдуу саны боюнча аныкталат.   

  • Конкурстун жыйынтыгы ММКда, www.megacom.kg сайтында жана социалдык тармактардагы компаниянын баракчаларында жарыяланат.

  • Конкурстун жеңүүчүлөрүнө уюштуруу комитети тарабынан даярдалган сертификаттар, интернет-топтомдор, эстелик жана атайын белектер тапшырылат.  

БЕЛЕКТЕРДИ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ 
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи компаниянын расмий кеңсесинде өткөрүлөт. Иш- чарага алдыңкы орундарды ээлеген катышуучулар жана белектерди тапшыруу үчүн жюри курамы чакырылат. Иш- чара фотобаян менен коштолмокчу.   

Кызыктырган  суроолор боюнча: aabykeeva@megacom.kg электрондук дарегине кайрылууга болот.