Перейти на новый сайт

Оңой төлөө: MegaKassa QR-код аркылуу төлөмдөрдү ишке киргизет

Заманбап технологиялар өтө тездик менен өнүгүп жаткан бүгүнкү күндө төлөмдөрдүн ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы керектөөчүлөр үчүн негизги факторго айланууда. Муну  эске алган  MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жаңы ыкманы − MegaKassa'да QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Мындай кадам  эсептешүү процессин жеңилдетүү менен гана чектелбестен, каржылык операциялардын коопсуздугун да жогорулатып, алардын мүмкүн болушунча тез жана ыңгайлуу аткарылышын шарттайт.

Эми ишкерлер смартфонду колдонуу менен, товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү QR-код аркылуу түз эле кабыл алса болот. Ал эми кардарлар накталай акча каражаттарын же пластик карталарын жанына алып жүрбөй деле койсо болот, алардын бардык сатып алуулары QR-кодду сканерлөө менен төлөнөт.

MegaKassa – 2022-жылдын 8-апрелинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын талаптарына ылайык фискалдык маалыматтарды салык органдарына онлайн- шарттамында  өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу, бизнес жүргүзүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн  жана ыңгайлуу шайманы. Кызмат товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана сатууда фискалдык кассалык дүмүрчөктү берүү менен накталай төлөмдөрдү жүргүзүүчү ишкерлерге багытталган.

MegaKassa аркылуу төлөө үчүн QR-код − төлөмдөрдү жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү ыкмасы. Ишкерлер үчүн бул төлөмдөрдү кабыл алуунун ыңгайлуу жолу болсо, ал эми кардарлар үчүн товарлардын жана кызматтардын акысын  төлөөдө ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыздайт. Күнүмдүк бизнес-процесстерди ишке ашырууда  жаңы технологияларды колдонуу  рыноктун бардык катышуучулары үчүн  натыйжалуу шарттарды түзүүгө жардам берет.

Эгерде Сиз ишкер болсоңуз жана MegaKassaны кошуп алгыңыз келсе,  же жөн гана толугураак маалымат алууну кааласаңыз,  + 996 999 766 667 номери аркылуу күнү-түнү колдоо  кызматына кайрылыңыз (MEGA абоненттери үчүн чалуу акысыз, башка операторлордун абоненттери үчүн тарифтөө тарифтик пландын шарттарына ылайык жүргүзүлөт).

Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы