Перейти на новый сайт

Миллионду кайда коротуу керек?


Миллионду кайда коротуу керек?


Акыркы 2 аптанын ичинде Кыргызстандагы миллионерлердин саны 5 адамга көбөйдү. Бул каржы керемети MegaCom компаниясынын жаңы жылдык майрамдар алдында өзүнүн 5 абонентин байытуу чечимине ылайык мүмкүн болду. 17-ноябрдан 15-декабрга чейин «5 аптада 5 миллион» лотереясынын алкагында уюлдук оператордун абоненттери 0555 кыска номуруна sms жөнөтүштү. Алардын эң жолу ачыктары бир миллион сомдон утуп алышты.

Муну бүт Кыргызстан күткөн. MegaCom компаниясынын жарнактарындагы жакында баштала турган sms-лотереясында 5 миллион сом ойнотулары кызыктырган. Качан? Кантип? Акыры ар бири миллионер боло аларын баары билишти. Болгону 0555 кыска номуруна каалаган маанидеги sms жөнөтүп, жакынкы дүйшөмбү күнү, ар бир sms-ке ыйгарылган уникалдуу номурдагы билеттер тираждык комиссиянын кылдат байкоосу алдында ойнотулушун күтүү керек.

Ар бир ойнотуунун алдында уюлдук компаниянын кызматкерлерин толкунданткан бир эле суроо - келерки бактылуу абонент ким болду экен? Бирок ал толкундалуулар абоненттерге чыныгы жаңы жылдык керемет тартууло мүмкүндүгү менен толукталды. Бардык ойнотуулар Вефа-борборундагы MegaCom тейлөө борборунда ар дүйшөмбү сайын күндүзгү саат 2 де өткөрүлдү.

Дүйшөмбү – оор күн деп коюшат эмеспи… Кимдир бирөөлөргө 17-ноябрь ошондой болсо да, Александр Егоров үчүн эмес. Дал ушул адам MegaCom миллионерлеринин командасынын биринчиси болду. «17» - ага ийгиликтин саны болуп калды. Александр лотереянын биринчи этабында дал ушунча sms жөнөткөн. Анын тандоосу да жөн эмес, бул сан апасынын туулган күнү, жана Александрга көп жолу ийгилик апкелген.

Туура бир жумадан кийин MegaCom тейлөө борбору көрүүчүлөргө жык толду. Ойнотуунун тунуктугун дагы бир жолу далилдеш үчүн, алып баруучу журналисттердин «объективдүү объективдери» баарын карап турганын баса белгилеп, типографиядан жаңы эле келген лотереялык купондорду тунук барабанга өз колдору менен салуу үчүн көрүүчүлөр арасынан эки ажарлуу айымды чакырды.

Айымдар ишти тез эле аткарышты. Андан кийин тираждык комиссия барабандан карабай туруп 4 билет алып чыгып, алардын накталыгын аныктады. Жеңүүчүнү аныктоо аземи көрүүчүлөрдү эң жашына, 4 жашар Мухаммедке туш келди. Ал ишке чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, купон тарткан мезгилде бир да жылмайган жок. Ал эми MegaCom компаниясынан белектерди алганда дароо жадырап кубанды. Бөбөк четке чыгып, салабаттуулук менен белектерди ачып, фирмалык футболка менен кепканы кийип көрдү. Лотереянын экинчи жеңүүчүсү ага кичинекей машине бергенде кубанычы койнуна батпай сүйүндү. Жеңүүчү пенсиядагы Ирина Подлужная болуп чыкты.

Бакыт кушу конгонуна көпкө ишеналбаган абонент убакытты чое, кылдат сүйлөдү.

- Мен телефондук шылуундар тууралуу көп уккам. Азыр да балансына төлөм карталарынын номурларын салып коюуну качан талап кылат деп күткөм. Анын ордуна шатыраган кол чабууларды уктум.

Анын ийгилиги «чуркагандыкы эмес, буюргандыкы» дегендин далили болуп чыкты. Себеп, күнмүрун Иринанын кызы sms жөнөтүп отуруп, балансында акчасы түгөнүп калат. анда ал апасыныны телефонунан болгону 1 sms жөнөтөт. Дал ошол жөнөткөнүнөн жолу болду.

- Юра! Мен миллион уттум! – деп элдерге карабай, Ирина күйөөсүнө сүйүнчүлөдү. – Чын айтам! MegaCom тейлөө борборуна тез кел, акча алабыз!

Дагы бир аптадан кийин ойнотуунун катышуучулары ийгилик жакшы гана адамдарга келерине ынанышты. Бул жолу жеңишке маңдайы жарык, жароокер адам Турусбек Акматов жетти. Көздүрү күлүп турган адам маңызсыз sms менен чектелбестен «MegaCom – супер компания. Миллион утсам – эмне кыларымды билбейм» - деген маалымат жөнөткөн. бактысы ачылган Турусбек эми чындар эмне кыларын ойлонушу керек болот.

Ошентип, дагы бир апта соң барабан кайта айланып, көптөн көп күткөн билет тартылды. Бир нече секунд ичинде компьютер абоненттин номурун иликтеп, жаңы бүлөө курган Сергей Тян экенин аныктады.

Лотереянын жүрүшүндө жеңүүчү биринчи жолу утканына дароо ишенип, ысымы басылган миллионер сертификатын алуу үчүн «учуп» келди. Жигит болгону 3 sms жөнөткөнүн айтты. Сергейдин оюн бизнеси бар, андыктан ал ийгиликти өзүнө тартуу жашыруун ырымдарын билсе керек. Анткени анын телефон номуру да шурудай тизилген сандар болуп чыкты.

- Мен кайда короторумду чечип алгам. Жарымын – бизнести өнүктүрүүгө, калганын үйбүлөмө жаңы жылга белектерди аламын. Колуктумду кубантам буюрса, экөөбүз жакында экинчи балалуу болобуз, - деп Сергей ага чала баштады. - Аня, мен миллион уттум! Чыпчын!

Бешинчи миллион азырынча ээсин таба элек. 15-декабрдагы ойнотууда жеңүүчүнүн телефону өчүк болуп чыкты. 15 күн ичинде MegaCom компаниясы миллиондун мыйзамдуу ээсин табууга толук аракетин жумшамакчы. Эгерде 5-этаптын жеңүүчүсү MegaCom компаниясынын колдоо көрсөтүү кызматы менен 2009-жылдын 15-мартына чейин байланышпаса акчалай утуш уюлдук компаниянын өзүндө калмакчы.

MegaCom компаниясынан болуп көрбөгөндөй лотереянын акыркы барагы да жабылды. Туура 5 апта ичинде 5 жөнөкөй кыргызстандыктардын турмуш таржымалы жаңыланып, миллионерлер деп жазылды. Ар бир жеңүүчүнүн бүтүндөй тарыхы калды. Таң калуу, романтика, илгери үмүт, азгырык, сүйүнүч жана дагы көптөгөн кубанычтуу эмоциялар баяндалды. Лотереянын бардык жеңүүчүлөрү турмушта ар дайым чоң тамгадан башталган Кереметке орун бар экенине бир ойлошот. Башкысы ага ишенип, аны орундатуу үчүн бардык аракеттерди жасоо. Бешинчи утуштун ээсинин ысымы азырынча жеңүүчүлөр китебине жазыла элек болсо да, алдыда MegaCom компаниясында өз абоненттери үчүн дагы көптөгөн бактылуу тарых таржымалдар бар экенин унутпайлы!


555 Командасы. Бардыгы – өз адамдар!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «Роуминг»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы