MEGA мамлекеттик уюлдук оператору Парижде өтө турган жайкы оюндарда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын акысыз байланыш менен камсыз кылганына кубанычта болду.
MEGA төрт жылда бир өтө турган эң маанилүү спорттук иш-чарада спортчуларды ыңгайлуу баарлашууну камсыздаганына сыймыктанат.
2024-жылкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин Франциянын борборунда өтөт. Күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт.
"Биздин колдообуз спортчуларга үй-бүлөсү жана достору менен байланышта болуп, өз оюнуна көңүл бурууга жардам берет деп, жана алар мыкты натыйжаларга жетише алышат деп үмүттөнөбүз", - деп билдирди компания.
Эскерте кетсек, MEGA мамлекеттик мобилдик оператору 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарын “УТРК” жана “УТРК Спорт” телеканалдарынан көрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү болуп саналат.
MEGA - Өзүбүздүн байланышты колдонуп, Өз оюнчуларыбызды колдойлу!