Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы бөбөктөрдү Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

MegaCom компаниясы бөбөктөрдү Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

1-июнь – ар бир баланын жашоосундагы өзгөчө күн. Бул күнү балдар өзгөчө мээримди, көңүл бурууну жана белектерди күтөт эмеспи. Өсүп келе жаткан жаш муунга кам көрүү MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана компания Балдарды коргоонун эл аралык күнүн көз жаздымда калтырбай келет.

Салтка айланып калгандай эле, бөбөктөрдүн майрамын утурлай, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн майрамдык иш-чара − жагымдуу белектер менен коштолгон кызыктуу конкурстар, ыр-бий, оюн-зоок уюштурулду. Балдар үйүнө Компаниянын кызматкерлери менен бирге бренддин өкүлү жана чыныгы досу, Токиодо өткөн Олимпиада-2022 мелдешинин күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов да барды. Атагы алыска кеткен балбан балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен баарлашып, спорттук таймаштарга катышып, тажрыйбалуу устат катары алар менен кызыктуу маек курду.

Компаниянын жана балдарга өз жардамын берүүнү каалаган кызматкерлеринин атынан тарбиялануучуларга таттуу белектер жана кийим-кече берилди. Мындан тышкары, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору тарабынан ар бир үй-бүлө үчүн (балдар тобу) спорттук шаймандардын топтому, ошондой эле өнүктүрүүчү оюнчуктар даярдалган. Жеке белектерден тышкары, компания мекеменин эң зарыл болгон тиричилик муктаждыктарына жараша Военно-Антоновка балдар үйүнө комплекстүү каржылык жардам көрсөтүү жоопкерчилигин моюнуна алды.

«Альфа Телеком» ЖАК башка балдар үйлөрүн да четте калтырбай, камкордук көрүп келет. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата компания көмөк көрсөтө турган балдар үйлөрү тууралуу кеп учугун улай кетели. Жакынкы арада Сокулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын, анын ичинде балдардын реабилитациялык борборунун санитардык-тиричилик бөлмөлөрүн оңдоп-түзөө иштерине жардам көрсөтөт. Мындан тышкары, компаниянын Ош шаарында жайгашкан №12 көмөкчү жатак-мектебине дагы колдоо көрсөтүп, аталган мектепке жууп-тазалоо каражаттарын, жана да зарыл болгон тиричилик техникаларын жана шаймандарын сатып бермекчи.

Белгилей кетсек, корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Балдарды коргоонун эл аралык күнүн жана Жаңы жыл майрамын утурлай, өз камкордугуна алган социалдык мекемелер үчүн жыл сайын майрамдык иш-чараларды уюштурат. Социалдык мекемелердин администрациялары тарабынан түшкөн суроо-талаптарга ылайык, балдар үйлөрүн, мектептерди, жатак-мектептерди керектүү шаймандар менен камсыздап, жигердүү колдоо көрсөтүп келүүдө. Учурда Компания тарабынан колдоого алынган социалдык мекемелердин саны арбын.

MegaCom – Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн иштейбиз!

Сунушталган кызматтар

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • NITRO

    кызматы