Перейти на новый сайт

MegaCom түйүнү Жаңы жылда Сиздер менен

MegaCom түйүнү Жаңы жылда Сиздер менен

Жыл тогошкон маалда сапаттуу байланышты камсыздоо максатында, MegaCom компаниясы аймак ичинде жана операторлор аралык багыттарда түйүндүн иштешин оптималдоо иштерин жүргүздү.

Жыл сайын Жаңы жыл түнкү чалуулардын, SMS, MMS-билдирүүлөрдүн көп санда болуусунун негизинде, түйүндүн иштөөсүнө ашыкча оордук келип жаткандыгына байланыштуу 2012-жылдын 31-декабрынан 2013-жылдын1-январына чейин“Түнкү сүйлөшүүлөр+”, “Ким чалды?”, “Мага кайра чал”, “Куткаруучу тегерек”, “Ачык эсеп. Эскертүү чеги” кызматтарынын иштеши убактылуу токтотулат. Мындан тышкары, ушул убакытта дагы, USSD жана SMS буйруулар убактылуу иштебейт. Жаңы жыл түнү “Түнкү сүйлөшүүлөр+” кызматы активдүү болгон абоненттердин бардыгына, MegaCom опциянын иштөө аракетин 1 күнгө узартат.

Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын камсыз кылуу максатында, 2012-жылдын 31-декабры жана 2013 –жылдын 1-январы үчүн, сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун иштөө убактысына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул күндөрү MegaCom сервистик борборлору төмөндө көрсөтүлгөн график боюнча иштешет.
MegaComдун *500 кардарларды колдоо кызматынын адистери жана дагы компаниянын техникалык бөлүмүнүн адистери компания абоненттерин максималдуу ыңгайлуулуктар менен камсыз кылуу үчүн күнү-түнү жана штаттык режимде иш алып барышат.

СТБ Иш-убактысы 31.12.2012 01.01.2013
Вефа 09.00-21.00 09.00-20.00 13.00-21.00
 Восток-5  09.00-21.00  09.00-20.00  13:00-20:00
 ЦУМ  10.00-20.00  10.00-19.00  дем алыш
 Бета2  09.00-21.00  09.00-21.00  дем алыш
 Дордой  08.00-17.00  08.00-17.00  дем алыш
 Токмок  08.00-17.00  08.00-17.00  10.00-17.00
 Кара-Балта  09.00-18.00  09.00-18.00  10.00-18.00
 Каракол  09.00-18.00  09.00-18.00  10.00-18.00
 Чолпон-Ата  09.00-18.00  09.00-18.00  10.00-18.00
 Талас  09.00-18.00  09.00-18.00  09.00-18.00
 Нарын  09.00-18.00  09.00-18.00  10.00-18.00
 Жалал-Абад  09.00-18.00  09.00-18.00  дем алыш
 Ош  08.30-19.00  08.30-19.00  11.00-16.00
 Баткен  09.00-18.00  09.00-18.00  10.00-15.00
 Кызыл-Кыя  09.00-18.00  09.00-18.00  10.00-16.00
 Өзгөн  08.30-18.00  08.30-18.00  дем алыш
 Ош2  08.30-18.00  08.30-18.00  дем алыш
 Кара-Суу  08.30-18.00  08.30-18.00  дем алыш
 Манас  күнү-түнү  00:00-21:00  саат 10.00дөн тарта

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Информация для абонентов в роуминге

  • Услуга

    «Твой номер» и «Бронирование номера»

  • Услуга

    Онлайн-кинотеатр more.tv

  • Услуга

    Облачное хранилище MegaCloud