Перейти на новый сайт

MegaCom жабдууларын жаңы платформага которууда

MegaCom жабдууларын жаңы платформага которууда

MegaCom компаниясы жабдууну жаңы муун түйүнү - 3G жана LTE үчүн каралган жаңы платформага көчүрүүнү жүзөгө ашырууда. Бул жаңы техникалык аянтча бир эле учурда бүтүндөй республика боюнча байланыштын жаңы стандарттарын ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мындай иш аракеттер 2011-жылдын 1-июлуна карата аяктайт деп күтүлүүдө.

MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмазбек Абековдун айтымында, жаңы жабдууга өткөндөн кийин бүгүнкү күндө иштеп жаткан коммутаторду жаш адистерди окутуу үчүн колдонууга болот.

“MegaCom компаниясында маалымат техгологиялары боюнча жогорку квалификациядагы инженерлер эмгектенип келишет. Мындан тышкары, эмгек рыногунда жогорку квалификациядагы жаш инженерлердин жетишсиздигин эске алуу менен кадрдык саясатыбызды жүргүзүшүбүз керектигин түшүнөбүз. Андыктан MegaCom компаниясы азыркы иштеп жаткан коммутатордун базасында окутуу борборун түзүүнү пландаштырууда. Ал жерде студенттер теориялык билимин иш жүзүндө бекмдей алышмакчы. Жабдуу мыкты, эгерде Улуттук байланыш агенттиги жыштык бөлүп бере турган болсо, аны менен пилоттук түйүндү (байланыш акысыз болгон) түзүүгө болот”, - деп билдирди Абеков.

Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы