Megapay
мобилдик капчыгы

250дөн ашык сервистер жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү

Бир басуу
менен төлөм жүргүзүү

Биз коштук

Пайдалуу функциялар

Суроо-жооп
Суроо-жооп
  • MegaPay деген эмне?

    MegaPay – бул MegaCom абонентинин жеке эсебиндеги каражаттардын эсебинен түрдүү сервистер жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүнү шарттаган мобилдик капчык (телефондун балансы).

  • MegaCom абонентинин жеке эсебин кантип толуктоого болот?
    • MegaCom компаниясынын бардык терминалдарында балансты комиссиясыз толуктоого болот;
    • Кыргыз Республикасынын бардык терминалдарында MegaCom абонентинин жеке эсебин толуктоого болот;
    • Кыргызстан боюнча дилердик түйүндөрдүн саны 30 000ден ашат;
    • MegaCom абонентинин жеке эсебин Кыргыз Республикасынын банктарынын мобилдик тиркемелери аркылуу толуктоого болот;
  • Кантип колдоно баштайм?

    MegaPay тиркемесин жүктөп алуу жана орнотуу жетиштүү (GooglePlay'де, AppStore'до жеткиликтүү)

  • Төлөмдөр же жаңылыш аткарылган төлөмдөр боюнча суроолор пайда болсо, кимге кайрылсам болот?

    Эгерде жеке эсептен төлөм жүргүзсөңүз (телефондун балансынан), 996 990 800 800 номери ( MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) аркылуу кайрылсаңыз болот.

    Эгерде төлөм Капчык аркылуу аткарылса, «Дос-Кредобанк» ААКка кайрылуу керек, толук маалыматты 8686 номери боюнча алууга болот.

  • MegaPay мобилдик капчыгынын кандай артыкчылыктары бар?
    • 24/7 шарттамында жеткиликтүү,
    • Кызматтардын кеңири түрлөрү,
    • Элкарт банк картасына онлайн тапшырык берүү,
    • Акча каражаттарын заматта алуу.
  • Телефондун балансындагы акча каражаттарын кантип накталай алсам болот?

    MegaPay тиркемесинде акча каражаттарын банк карталарына чыгарып алууга болот:

    • Элкарт, бул жерде комиссия сумманын 1%ын түзөт.
    • Optima24, бул жерде комиссия сумманын 0%ын түзөт.
    • Бакай Банк, бул жерде комиссия сумманын 1%ын түзөт.
  • Төлөмдөр боюнча чектөөлөр барбы?

    Эгерде Сиз тиркемеде аралыктан идентификациялоону өткөн болсоңуз, анда:

    Телефондун балансы (Жашыл түс):
    Бир төлөмдүн максималдуу өлчөмү 15 000 сомду, минималдуу өлчөмү 5 сомду түзөт. Бир ай ичиндеги бардык төлөмдөрдүн мүмкүн болгон максималдуу суммасы − 60 000 сом. Эгерде Сиз идентификациялоону Сатуу жана тейлөө борборлорунда өткөн болсоңуз, анда:

    Телефондун балансы (Жашыл түс):
    Бир төлөмдүн максималдуу өлчөмү 15 000 сомду, минималдуу өлчөмү 5 сомду түзөт. Бир ай ичиндеги бардык төлөмдөрдүн мүмкүн болгон максималдуу суммасы −2 00 000 сом.

    Капчыктын балансы (Кызгыл көк түс):
    Бир төлөмдүн максималдуу өлчөмү 15 000 сомду, минималдуу өлчөмү 5 сомду түзөт. Бир ай ичиндеги бардык төлөмдөрдүн мүмкүн болгон максималдуу суммасы −3 00 000 сом. Капчыктын балансындагы каражат 70 000 сомдон ашпоосу керек.

  • Мен кантип идентификациялоодон өткөн колдонуучу боло алам?

    Сиз MegaPay мобилдик тиркемесинде аралыктан идентификациялоодон өтө аласыз.

    Толук идентификациялоодөн өтүү үчүн MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун бирине кайрылышыңыз зарыл (жаныңызда паспортуңуздун болуусу шарт).

  • MegaPay корпоративдик кардарлар үчүн жеткиликтүүбү?

    Аралыктан жана Сатуу жана тейлөө борборлорунан идентификациялоодон өтүүдө жеткиликтүү.

  • Менин тарифтик планым кайсы экендигин, толуктоонун жана чыгымдардын таржымалын кантип билсем болот?

    Бардык маалыматты MegaPay мобилдик тиркемесинин Жеке кабинетинен көрүүгө болот.

  • Тиркемени колдонууда трафик акысызбы?

    MegaCom абоненттери үчүн трафик акысыз (төлөм тиркеменин өзүн жүктөп алууда гана каралган).