«Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору
Куренкеев Айбек Суербекович
Туулган жылы: 08.06.1984, Бишкек ш.
Улуту: кыргыз
Билими:
- 2001 − 2006 — Кыргыз-Россия Славян университети.
Квалификациясын жогорулатуу:
- 2023 ─ Japan International Cooperation Agency, Кобэ (Япония);
- 2023 ─ Санариптик экономика жаатында тажрыйба алмашуу программасы International Visitors Leadership Program (IVLP) АКШ;
- 2018 ─ Топ-менеджерлер үчүн тажрыйба алмашуу программасы, GERMAN CORPORATION FOR INTERNATIONAL COOPERATION GMBH, Кёльн (Германия);
- 2016 — Бизнес - такшалмадан өтүү. Токио (Япония), PREC (Ресурс алмашуунун Тынч океандык борбору)
- 2006 — ECCAA (Сертификациялоодон өткөн бухгалтерлердин жана аудиторлордун евразиялык кеңеши), сертификациялоодон бухгалтер-практик (CAP)
Иш тажрыйбасы:
- 2023-жылдын 8-сентябрынан тарта «Альфа Телеком» ЖАКтын (MEGA) башкы директору.
- 2021 − 2023 — «Электрондук коммерция ассоциациясы» ЮЖБ, тең негиздөөчүсү, президенти;
- 2017 − 2021 — «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» ЮЖБ, аткаруучу директор;
- 2014 − 2016 — «КыргызТелеком» ААК, «Бишкек шаардык телефон тармагы» филиалы, директор;
- 2010 − 2014 — «Кыргызстан» ТПФ, башкы директор;
- 2008 − 2010 — «ISR Consult» ЖЧК, директор;
- 2007 − 2008 — «Шоро» ЖАК, логистика департаментинин директору;
- 2007 — «M&P» компаниясы, Душанбе (Тажикстан), каржы директору;
- 2004 − 2007 — «Ареопаг-Бишкек» ЖЧК, каржы директору;
- 2003 − 2004 — «Тренинг жана консалтинг борбору» ЖЧК, каржы маселелери боюнча кеңеш берүүчү;
- 2002 − 2003 — «Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын альянсы АК, долбоорлордун менеджери;
Грамоталары жана башка сыйлыктары:
- «Өлкөнү санариптештирүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин «Электрондук сооданы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин «Өлкөнүн IT жана телекоммуникациялык тармактарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» Ардак грамотасы;
- Кыргыз IT- форумунун “Жылдын ачылышы: электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясынын диплому.