Эки эселенген эргүү: КВН жана Ысык-Көл!
Кыргызстан КВН оюндарынын 15-сезону Жайкы кубок менен аягына чыгат, ал адаттагыдай эле көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлмөкчү.
Кыргызстан КВН оюндарынын юбилейдик сезондун башкы демөөрчүсү MegaCom компаниясы бардыгыңыздарды КВНдин Жайкы кубогуна чакырат. Кыргыз КВНинин 15-сезонунда өздөрүнүн куйкум тамашалары, актердук жигери менен элдин купулуна толгон эң мыкты, шайдоот жана көрүнүктүү командалары сценага чыгышат. Булар 2010-жылдын Жогорку лигасынын чемпиону «Не дай Бох!» командасы, жарым финалисттер «Волшебник Гудвин» жана «Сборная 312», премьер-лиганын катышуучулары «Марго Дэвич», «Очная Ставка», «Иссык-Кульские орлы» жана «Дети соседа» командалары. Жайкы кубоктун алкагында Шайырлар жана тапкычтар Клубу MegaCom компаниясынын белектерине мини-футбол боюнча достук беттешүүнү өткөрүшөт.
КВН тамашаны түшүнгөн жана баалаган бардык каалоочуларды «Алтын-Кум» пансионатынын жайкы аянтында 2010-жылдын 2-3-июль күндөрү күтөт!