Перейти на новый сайт
MegaCom ден-соолук сакчысы

 


MegaCom ден-соолук сакчысы


MegaCom компаниясы борбор шаарыбыздын Тез жардам станциялары үчүн жаңы жылдык белектерди – «мегакомдун» номерлерине акысыз чыгууга уюлдук телефон жана sim-картаны тапшырды.

Эми тез жардам операторлору MegaCom компаниясынын абоненттеринен келип түшкөн чалууларга токтоосуз, дароо мамиле кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Уюлдук аппараттын жана пациент менен тике байланыштын орун алышы орулуунун жайгашкан жери тууралуу кошумча маалыматты топтоо процессин жетиштүү деңгээлде жеңилдетип, алгачкы медициналык жардамды берүү боюнча түшүндүрмө берип турууга мүмкүнчүлүк берет, бул жыйынтыгында кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калууга алып келет.

Тез жардам станциясынын кызматкерлери жаңы жылдык белек үчүн терең ыразычылыгын билдиришип, уюлдук байланыш алар үчүн маанилүү маселелердин бири болуп келгендигин баса белгилешти.

- Бул көйгөй өтө курч турган, себеби абоненттер 103 номерине түз чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан, ал эми станциянын диспетчерлеринин шаардык телефондон уюлдук байланышка чыгууга мүмкүнчүлүктөрү жок эле, - деп белгиледи башкы дарыгердин орун басары Дмитрий Денисов. – Өз учурунда уюлдук телефондордон кириш чалууларга талдоо жүргүзүү менен биз бүгүнкү күндө чакыруулардын 2/3 MegaCom компаниясынын абоненттеринен келип түшүп жаткандыгы жыйынтыгын чыгарганбыз, ошондуктан биз операторго алардын уюлдук телефондоруна чыгууга мүмкүндүк берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз.

MegaCom компаниясы аталган маселенин маанилүүлүгүнө түшүнүү менен мамиле кылып, проблеманы чечүү боюнча четте калбастан, түйүн ичинде чалуулар боюнча чыгымдарды өз мойнуна алган, анткени адамдын өмүрү ар дайым баалуу боюнча кала бермекчи.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы