Перейти на новый сайт
MEGA Париждеги оюндарда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын акысыз байланыш менен камсыз кылды

MEGA мамлекеттик уюлдук оператору Парижде өтө турган жайкы оюндарда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын акысыз байланыш менен камсыз кылганына кубанычта болду.

MEGA төрт жылда бир өтө турган эң маанилүү спорттук иш-чарада спортчуларды ыңгайлуу баарлашууну камсыздаганына сыймыктанат.

2024-жылкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин Франциянын борборунда өтөт. Күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт.

"Биздин колдообуз спортчуларга үй-бүлөсү жана достору менен байланышта болуп, өз оюнуна көңүл бурууга жардам берет деп, жана алар мыкты натыйжаларга жетише алышат деп үмүттөнөбүз", - деп билдирди компания.

Эскерте кетсек, MEGA мамлекеттик мобилдик оператору 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарын “УТРК” жана “УТРК Спорт” телеканалдарынан көрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү болуп саналат.

MEGA - Өзүбүздүн байланышты колдонуп, Өз оюнчуларыбызды колдойлу!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    «Ты где?» корпоратив

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»

  • Услуга

    «Бизнес гудок»