Перейти на новый сайт

MegaPay аркылуу турак жайды камсыздандыруу үчүн төлөм: ыңгайлуу, тез, ишенимдүү

Кыргызстанда турак жайларды өрттөн жана башка табигый кырсыктардан камсыздандыруу милдеттүү. Камсыздандырылган үй суу ташкынынан, жер титирөөдөн, өрттөн же башка табигый кырсыктан жабыркаса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы аны тез арада калыбына келтирет.

MEGA мамлекеттик уюлдук операторунун MegaPay мобилдик тиркемесинде үйдү камсыздандырууну үйдөн чыкпастан төлөй аласыз. Мындан ары кезекте туруу же камсыздандыруу компаниясынын кеңсесине же банкка баруу үчүн убакытты текке кетирүүнүн кереги жок. Бардык операцияларды смартфонуңуздун жардамы менен жасоого болот.

Төлөмдү кантип жасоо керек:

• MegaPay тиркемесин ачыңыз (App Store жана Google Play'ден жүктөө үчүн жеткиликтүү);

• «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз;

• тизмеден «Турак жайды камсыздандырууну» тандаңыз;

• каалаган филиалды тандап;

• жеке эсебиңизди жазыңыз (камсыздандыруу полисинин номери) – сумма автоматтык түрдө көрсөтүлөт.

Даяр!

MegaPay мобилдик тиркемеси каалаган ыңгайлуу убактысында төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет, бул өзгөчө бош эмес адамдар же убактысын баалагандар үчүн ыңгайлуу.

MegaPay – жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)