Перейти на новый сайт
Мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоо: IMEI-коддун статусун MEGA24 колдонмосунда текшериңиз

Кыргызстанда 2024-жылдын 25-июнунан тартып жасалма телефондорду колдонуудан сактануу, уурулуктун жана телефондук шылуундук аракеттердин алдын алуу, санын азайтуу максатында, Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда (ИМТ) мобилдик түзмөктөрдү милдеттүү түрдө каттоо киргизилет.

Идентификациялоонун мамлекеттик тутуму жасалма түзмөктөрдү өлкөгө киргизүүгө жол бербейт. Мыйзамдуу түрдө импорттолгон, колдонууга коопсуз жана IMEI-коду боюнча  катталган уюлдук телефондорду сатууга гана уруксат берилет.

Бардык байланыш операторлорунун тармагында кыргызстандыктар тарабынан колдонулуп жаткан смартфондор тутумда  акысыз каттоодон өткөрүлөт.

Түзмөктөрдү өлкө аймагынан тышкары сатып алган учурда,  аларды  www.imei.kg сайтында өз алдынча каттоодон өткөрүү керек. 2024-жылдын 25-июнунан кийинки алгачкы эки айдын ичинде жеке адамдар эки мобилдик түзмөктү акысыз каттоодон өткөрө алышат.

IMEI- коддун каттоо статусун бир нече жол менен, анын ичинде MEGA24 мобилдик колдонмосунда текшере аласыз.

IMEI -коддун каттоо статусун текшерүү ыкмалары:

  • *#06# буйруусун терүү;
  • MEGA24 мобилдик колдонмосунда (Жеке кабинетте жана Мега Порталда). App Store'дон  жана  Google Play'ден жүктөп алууга болот;
  • MEI- код түзмөктүн кутусунда, корпусунда же аккумулятордун  чаптамасында көрсөтүлгөн.

Маанилүү!  ИМТда катталбаган телефондор 2024-жылдын 25-июнунан  тарта  жергиликтүү уюлдук операторлордун тармактарында иштебейт.

Толук маалымат Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун  www.imei.kg сайтында жеткиликтүү.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы