Бардык футбол күйөрмандары үчүн сонун жаңылык! UEFA EURO 2024 футбол боюнча Европа чемпионатынын бүйүр кызыткан беттештерин MegaTV колдонмосунда улуттук “УTРK Sport” телеканалынын түз алып берүүсүндө көрүңүз.
2024-жылдагы эң чоң спорттук иш-чаранын башталышына эки гана күн калды! Евро-2024 чемпионатынын финалдык бөлүгүнө 24 команда катышып, алар төрт командадан турган алты топко бөлүнөт.
Спорттук маанилүү иш-чараны көз жаздымда калтырбаңыз, «Элдики + MegaTV» тизмегинин бардык тарифтеринде мобилдик телекөрсөтүү АКЫСЫЗ, ал эми интернет-трафик тарифтелбейт. Демек, «УТРК Спорт» телеканалында Европа чемпионатынын таймаштарынан түз алып берүүлөрдү смартфонуңуздан, планшетиңизден, Smart TV'ден же megatv.kg веб-интерфейси аркылуу компьютериңизден көрүңүз. Жазылууну бир номерге кошуп алуу менен, түрдүү беш түзмөк аркылуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы көрө ала тургандыгын эскертебиз.
MegaTV колдонмосун жүктөп алыңыз (App Store жана Google Play) . Кайсы жерде – үйдө, кеңседе, кафеде же жаратылыш койнунда жүрсөңүз да, сүйүктүү командаңыздын чыныгы күйөрманы болуңуз!
MegaTV – мобилдик телеберүү ар дайым жаныңда!