Сиздер сурадыңыздар, биз аткардык! MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өзгөчө функционалдуулугу менен айырмаланган MegaKassa контролдук-кассалык машиналарынын колдонуучулары үчүн акысыз тейлөөнүн узартылышы жөнүндө жарыялайт. Акция 2024-жылдын 31-августуна чейин улантылат.
MegaKassa − 2022-жылдын 8-апрелинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын талаптарына ылайык, салык органдарына маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режиминин ыңгайлуу шайманы. Кызмат фискалдык кассалык дүмүрчөктү берүү менен, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана сатууда накталай төлөмдөрдү жүргүзүүчү ишкерлерге багытталган.
Маанилүү! Колдонуучуну кошуу АКЫСЫЗ жүргүзүлөт.
MegaKassa кызматы IOS жана Android колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.
MegaKassa – бизнес жүргүзүүдөгү ишенимдүү өнөктөшүңүз, ал салыктык эсеп чөйрөсүндө ачык-айкындыкты жана натыйжалуулукту камсыз кылат.