Перейти на новый сайт

Салык төлөөчүлөр үчүн MegaPay'ден өзгөчө сунуш: ЭЭФ − сиздин смартфонуңузда

100% акциясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына  таандык болгон MEGA компаниясы MegaPay мобилдик колдонмосун өнүктүрүүнү улантууда.

Жаңычыл чечимдер  MegaPay  колдонмосунун салык төлөөчүлөр үчүн мурдагыдан дагы ыңгайлуу болушуна өбөлгө түзүп келет. Кыргызстанда алгачкы жолу MEGA мобилдик тиркемеси салык төлөөчү тарабынан берилген жана салык төлөөчүнүн дарегинде жеткиликтүү болгон электрондук эсеп-фактуралардын (ЭЭФ) тизмесин көрүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Тизмени карап чыгып,  ЭЭФти кабыл алууга/четке кагууга болот.

Төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу жетиштүү:

  • MegaPay'ди орнотуңуз же аны эң акыркы версиясына чейин жаңылоо (App Store'дон жана  Google Play'ден жүктөп алуу жеткиликтүү);
  • "Кызматтар" бөлүмүнө өтүп, "ЭЭФ – МСК кызматын" тандоо; 
  • Бирдиктүү идентификациялоо тутуму (БИС) аркылуу кирүү;
  • Салык төлөөчүнүн Кабинетинде  https://cabinet.salyk.kg) түзүлгөн токенди же жетон менен файлды жүктөп алуу.

Салык төлөөчүнүн эсебинде токенди кантип түзүү керек:

  • «Токен түзүү» бөлүмүнө өтүңүз;
  • «Токен түзүү» баскычын басыңыз;

Токен түзүүдө көрсөтүлүүчү маалыматтар:

  • токендин колдонуу мөөнөтү;
  • токен колдонула турган агрегатор;
  • токен колдонула турган системалар;
  • андан кийин “Сактоо” баскычын басыңыз;
  • токенди жүктөп алыңыз.

Даяр!

 MegaPay менен бизнес жүргүзүү – бул ыңгайлуу, жөнөкөй жана натыйжалуу!

 

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы