Перейти на новый сайт
MEGA компаниясынын MegaKassa'сы эми IOS тутумунда жеткиликтүү!

Акцияларынын 100% КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таандык болгон MEGA компаниясынын уникалдуу функционалдуулугу менен айырмаланган  MegaKassa контролдук-кассалык машиналарынын жаңычыл  сервиси эми  iOS колдонуучулары  үчүн жеткиликтүү.

MegaKassa – 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын талаптарына ылайык салык органдарына маалыматтарды онлайн-режиминде берүүнү камсыз кылган жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режими үчүн ыңгайлуу шайман болуп саналат. Кызмат товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана сатууда фискалдык- кассалык дүмүрчөктү берүү менен накталай төлөмдөрдү жүргүзүүчү ишкерлерге арналган!

MegaKassa онлайн-ККМдин артыкчылыктары:

  • жеткиликтүүлүк: кымбат аппараттык ККМ сатып алуунун кереги жок;
  • убакытты үнөмдөө: MegaKassa'ны  каттоо жана ишке киргизүү MEGA тейлөө борборлорунда жүргүзүлөт, демек, КР Салык кызматынын кеңселерине  баруунун зарылдыгы жок;
  • ыңгайлуулугу: касса китепчесин  күн сайын жүргүзүү жөнүндө тынчсыздануунун кажети жок, анткени бардык маалыматтар MegaKassa контролдук-кассалык машиналарында автоматтык түрдө сакталат;
  • көзөмөл: бардык кассалык операцияларды кызматтын жеке кабинетинде байкоого болот.

Колдонуучуну кошуу АКЫСЫЗ ишке ашырылат!

MegaKassa – негизги бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө ачык-айкындыкты жана натыйжалуулукту камсыз кылган ишенимдүү бизнес өнөктөшүңүз.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы