Перейти на новый сайт

MegaPay тиркемесинде төлөм коду боюнча салык төлөө

MEGA  мамлекеттик уюлдук байланыш оператору колдонуучулардын  көңүлүнө төп келиши үчүн, MegaPay мобилдик тиркемесинин ыңгайлуулугун арттырып келет.

Эми MegaPay колдонуучулары кыймылсыз мүлк жана транспорт салыктарын, ошондой эле салык карызын төлөм коду боюнча төлөй алышат.  Бул ─ мурдагыдан да тезирээк төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.

Маанилүү! Төлөм жүргүзүү үчүн, Мамлекеттик салык кызматынын cabinet.salyk.kg. сайтындагы  салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде төлөм кодун алуу керек.

Кантип төлөм жүргүзүүгө болот:

  •  MegaPay'де "Төлөмдөр"  бөлүмүн  ачуу (App Store'дон жана Google Play'ден жүктөп алуу);
  •  “Мамлекеттик төлөмдөр” бөлүмчөсүн тандоо;
  •  “Төлөм коду боюнча салыктарды төлөө” баскычын басуу;
  •   төлөм кодун киргизип, сумманы текшерип, транзакцияны тастыктоо.  

Даяр!

Комиссия – 20 сом.

Ыңгайлуу, коопсуз жана ашыкча түйшүксүз. MegaPay тиркемесин жүктөп алып, салыктарды көз ачып-жумганча төлөңүз.

MegaPay — жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    «Лимитирование»

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    «VIP Service»