Перейти на новый сайт
MegaPay ден соолугуңузга кам көрүү менен: милдеттүү медициналык камсыздоо полисин тариздөө жана акысын төлөө

Кыргызстандыктарга ыңгайлуу болушу үчүн, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaPay мобилдик тиркемесин мыктылоону улантып келет.

Эми тиркеменин колдонуучулары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (ММК) Үй-бүлөлүк медицина борборунан (ҮМБ) жана Жалпы дарыгердик практика борборунан (ЖДПБ), Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык бөлүмдөрүнөн гана эмес, MegaPay аркылуу да сатып алса болот.

ММК полиси камсыздандырылган жарандарга амбулаториялык жана стационардык деңгээлдеги жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү кепилдейт, анын ичине акысыз лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр, 50%га чейинки жеңилдетилген дары-дармек каражаттары, реабилитация, физиотерапиялык  процедуралар ж.б.  камтылган.  

MegaPay тиркемесинде ММК полисин  тариздөө жана акысын төлөө үчүн, төмөндөгүлөрдү аткаруу керек:

  • MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);
  • “Кызматтар” кошумча барагына, андан кийин “Милдеттүү медициналык камсыздандырууну тариздөө жана сатып алуу” бөлүмүнө өтүү;
  • жарандыкты, камсыздандыруу мөөнөтүн жана аймакты көрсөтүү;
  •  төлөмдү тастыктоо.

Даяр!

ММК полисинин колдонуу мөөнөтү:

  • 12 календардык ай:  Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;
  • 6 же 12 календардык ай: Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар үчүн.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси акысы төлөнгөн күндөн тарта 5 календардык күндөн кийин күчүнө кирет!

MegaPay аркылуу сиз милдеттүү медициналык камсыздандыруу статусуңузду текшере аласыз. Үй-бүлөңүз жана досторуңуз үчүн төлөңүз (аларга тиешелүү Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери бар болгон учурда)!

Өзүңүзгө жана жакындарыңыздын ден соолугуна кам көрүңүз! MegaPay менен оңой, ишенимдүү жана тез!

MegaPay –  жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы