Ата мекендик кино сүйүүчүлөр үчүн сонун жаңылык! MegaTV тиркемесинин жаңы колдонуучулары жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө «Этномедиа» онлайн-кинотеатрынын эксклюзивдүү контентине акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жаңы жыл – ажайып майрам жана аны ар бир адам өзгөчө ырахат менен өткөрүүнү каалайт эмеспи.
Каалаган түзмөктөн кыргыз тилиндеги 300дөн ашык тасмаларды, мультфильмдерди жана сериалдарды көрө аласыздар – мунун баары толугу менен акысыз. Белгилүү жана жаңыдан чыгып келе жаткан кыргыз режиссерлору тарабынан тартылган тасмаларды көрүңүз, кыргыз кинолоруна саякат жасаңыз.
Акция 2024-жылдын 10-январына чейин (кошо алганда) аракетте болот. 11-январдан тарта кызматтын стандарттык шарттары күчүнө кирет жана жазылуу наркы күнүнө 7 сомду түзөт.
Акцияга кошулууну кааласаңыз, *723*1# буйруусун териңиз (MegaTV тиркемесинин өзүндө да жеткиликтүү), сүйүктүү тасмаларыңызды каалаган жерден: үйүңүздө же сейилдөөдө, унаада же дачада көрүүдөн ырахат алыңыз.
MegaTV тиркемесинин App Store жана Google Play аркылуу жүктөп алып, Smart TV, смартфон жана планшет ж.б. түзмөктөрдөн же megatv.kg веб-интерфейси аркылуу компьютерден көрүүгө болот. Эскерте кетсек, жазылууну бир номерде кошуп, каалаган беш түзмөк аркылуу бүт үй-бүлө көрө алат.
Жаңы жылдык эс алуу күндөрүн кыргыз киносунун жылдыздары тартылган тасмаларды көрүү менен өткөрүңүз. Сизге бул жагымдуу жаңы жылдык белекти MegaTV′деги "Этномедиа" онлайн-кинотеатры тартуулайт.
MegaTV — жаңы муун телеберүүсү!