Перейти на новый сайт
Бишкекте “Муниципалдык транспортто MegaPay менен акысыз жол жүрүү” акциясы башталды

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору борбор калаанын тургундарына кам көрүү менен, “MegaPay мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн Бишкектин автобустарында жана троллейбустарында акысыз жол жүрүү” социалдык маанилүү долбоорун ишке киргизүүдө.

Бул уникалдуу сунушту колдонуу оңой. Болгону MegaPay тиркемеси аркылуу “TulparQR” кодун сканерлөө жетиштүү. QR- коддору бар чаптамалар муниципалдык транспорттун сыртында да, ичинде да жайгаштырылат.

Маанилүү! Акция телефонуңуздун балансынан төлөм жүргүзгөн учурда гана аракетте болот.

MegaPay аркылуу акысыз жол жүрүү үчүн, төмөндөгү иш-аракеттерди аткаруу талап кылынат:

  • Google Play же App Storeаркылуу MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо;
  • негизги менюда «Сканер» баскычын басуу;
  • “TulparQR” кодун сканерлөө;
  • төлөмдү тастыктоо;
  • автобустун/троллейбустун айдоочусуна кодду көрсөтүү.

Даяр!

Акциянын аракет мөөнөтү: 2023-жылдын 9-октябрынан 31-октябрына чейин. 

MegaPay — жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы