Перейти на новый сайт

Ийгиликтин «алтын» формуласы

 

Ийгиликтин «алтын» формуласы

Чыныңызды айтыңызчы, чөнтөк телефонунун номери жалаң гана «0» жана «5» деген сандардан турган адамды кандай элестетесиз? Амбициялуу. Кынтыксыз. Көрүнүктүү. Башкаруучу. Калтаарыбас. Туруктуу. Камкор. Интерактивдүү. Дайыма жана бардык жерде алдыда болуу… мындай инсандын сапаттарын алфавит тартибинде санап өтүү кыйынчылыкка турбастыр. Телефондун уникалдуу номери – бизнечинин абройун, абалын дароо көрсөтүп туруучу визиттик карточка болуп берерин мырзалар эчак эле түшүнүшкөн. Мындай номерден акча аяап болбойт. Үч жарым миң доллар – MegaCom компаниясы уюштурган кооз номерлер аукциондунан мына ушул суммада номер сатылып кетти.

Өз бизнесин жогорку деңгээлде уюштура билген бизнесчилер үчүн уюштурулган кече болду. Бул адамдар өзүнүн айланасына жалаң гана кымбат баалу буюмдарды чогултат. Мындай адамдар дайыма сапаттуу буюмдарды жана кызматтарды тандашат. Ошондой эле алар эчак эле MegaCom компаниясын тандап алышкан эле. Так ушул уюлдук байланыш оператору бул адамдарды, алардын жамаатын  байланыш менен камсыз кылып келет эмеспи. Бүгүнкү күндө MegaCom корпоративдик кардарлары болуп келген ири ишканаларынын саны бир жарим миңге жетип калды! Бул өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көп.

Өзүнүн корпоративдик кардарларына ыраазычылык билдирип туруу MegaCom компаниясынын жакшы салты болуп калды. Мындай кечелер дайыма кызыктуу жана стилдүү өткөрүлүп турат. Бул жолу да аукцион кардарлардын көңүлүнө адбан жакты десек жаңылышпайбыз.

- Кооз номерлер аукциону – өнөкөтөр жана жоро-жолдоштор менен жолугуп, кызыктуу маек куруу жана ошондой эле өз ээсинин абройун көрсөтүп туруучу кооз номерлерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү, - деп бөлүшөт MegaCom компаниясынын коммерциялык директорунун орун басары Жылдыз Караталова.

Кечени белгилүү шоу-мэн Турат касымбеков алып барды. Бул шайыр мырза кечени шаңга бөлөп, ар бир көрүүчүнүн көңүлүн өзүнө буруп, эч кимди эриктирген жок. Өз талантын көрсөтүүдөн мурун, ал сахнаны «Бриллиант» шоу-балетине берди. Сулуу бийчи кыздар бир заматтын ортосунда көрармандардын көңүлүн өзүнө бурушуп, прагматизм жана авантюризм толкунуна салышты.

Бийчи кыздардын кыймылына арбалган көрүүчүлөрдүн назарын жапон барабандарында ойногон «Тойко» тобунун жигиттери бийлеп алды. Барабан үнүнүн коштоосунда сахнага кеченини алып баруучусу чыгып кооз номерлерди сатуунун башталышы жөнүндө жар салды. Нөл жана жети сандарынын турган биринчи лотту 7 санынын ээси сатып алды. Ал үчүн жети саны олжолуу экенин билдирип, өзүнүн компаниясы үчүн жалаң жети санын турган корпоративдик номерлерди чогултууну максат кылгандыгын айта кетти. Бул жигит жети санынан турган дагы бир нече номер сатып алууга үлгүрдү.

«Алтын» номерлеринин калган коллекциясы көз ачып жумгучакты сатылып кетти. Даамдуу фуршет жана «Авангард» шоу-программасынан кийин көрүүчүлөрдү дагы бир кызыктуу интрига күтүп турду.

Аукциондук залда чогулган көрүүчүлөргө сатууга 15 номерден турган «платина» категориясындагы номерлер сатылаары тууралу жарыяланды. Ар кандай номерлерден турган сандардан номурлар орточо эки-үч миң доллардан сатылып жатты.

…» Платина » номерлери сатылып бүткөндөн кийин коштошуу учуру да келип калды. Холлдо классикалык музыка жаңырып, меймандар вино куюлган бокалдарды көтөрүп, MegaCom коллекциясынан сатып алынган бактылуу номерлер ийгилик алып келиши үчүн ичилип жатты. Кечеге катышкандардын ар бири бүгүн өзүнүн ийгиликтүү келечегин тандап алышты десеке жаңылышпайбыз!

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Опция «Пауза»

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    «Корпоратив 24»