Перейти на новый сайт

MEGA Бишкектеги салтка айланган веложүрүшкө чакырат

MEGA Бишкектеги салтка айланган веложүрүшкө чакырат

Спортту жана активдүү жашоо образын дайыма колдоого алган MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жана Бишкек шаардык мэриясы бардык каалоочуларды Велосезон-2023 ачылышына чакырат.

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына арналган жана транспорттун экологияга зыян келтирбей турган түрлөрүн жайылтуу максатында уюштурулуп жаткан иш-чара 2023-жылдын 2-апрелинде Кыргызстандын борборунда өтөт. Катышуучулар борбордук Ала-Тоо аянтында саат 09:00дө чогулушат. Каттоодон кийин ар бир катышуучуга MEGA’нын фирмалык футболкалары берилет.

Иш-чаранын конокторун көңүл ачуучу шоу-программалар, кызыктуу оюндар, эстрада ырчылары менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын симфониялык оркестринин концерти күтөт, мындан тышкары веложүрүштүн соңунда катышуучуларга даамдуу азыктар берилет.

Көптөн күткөн бул иш-чараны өткөрүп жибербеңиз! Веложүрүшкө катышып, спорттук майрамдагыдай атмосферага чөмүлүп, энергия, позитивге байып кетиңиз!

MEGA – мыктыны тандоо!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы