Перейти на новый сайт
Тейлөөнүн өзүң каалаган тилин тандап ал!

 

Тейлөөнүн өзүң каалаган тилин тандап ал!

 

MegaCom компаниясы өзүнүн пайдалануучуларына «4 тил» деген жаңы опциясын сунуштап жатат, анын жардамы менен абоненттер сунушталып жаткан төрт тилдин бирин тандоого мүмкүнчүлүк берет.

MegaCom компаниясы өзүнүн пайдалануучуларына «4 тил» деген жаңы опциясын сунуштап жатат, анын жардамы менен абоненттер сунушталып жаткан төрт тилдин бирин тандоого мүмкүнчүлүк берет.

MegaCom түйүнүнүн абоненти – көптү билгиси келген жигердүү адамдар. MegaCom муну эсине бекем тутутуп келет жана MegaCom түйүнүнүн пайдалануучулары үчүн тарифтер, тейлөө кызматтары жана биздин компания көрсөткөн кошумча кызматтар жөнүндө бүткүл маалыматтарды тез аранын ичинде жана эң негизгиси ыңгайлуу жол менен алууга жардам берет.

30-апрелден тартып иштей баштаган «4 тил» жаңы опциясы - MegaCom түйүнүндө тейленүүдө сизге ыңгайлуу болгон тилди тандоо мүмкүнчүлүгү: бул кыргыз, орус, англис жана өзбек тилдери. Ушул тилдердин бирин тандап алып, абонент кыска USSD-буйругу аркылуу сурап жаткан маалыматты өзүнө түшүнүктүү болгон тилде ала алат.

«4 тил» опциясы төмөнкү USSD-буйруктарда иштейт:

  • *500# - балансты билүү;
  • *080# жана *081# - эсепти билүү;
  • *112# - өзүнүн номерин жана тарифтик планын билүү; 
  • *202# - «Мага кайра чал» кызматы; 
  • *123# - «Сүйүктүү номер» кызматы; 
  • *120# - «Сүйүктүү өлкө» кызматы; 
  • *024# - «Түнкү сүйлөшүүлөр» кызматы; 
  • *303# - «Тарифтик планды алмаштыруу» кызматы; 
  • *505# - «SMS- пакеттер» кызматы.

«4 тил» кызматынан пайдалануу оппоңой! Сиз төмөнкүдөй USSD-буйрукту теришиңиз керек:

Тейлөө тили USSD-буйрук
Кыргыз тили *404#1# чакыруу
Орус тили *404#2# чакыруу
Өзбек тили *404#3# чакыруу
Англис тили *404#4# чакыруу

Тейлөөнүн тилин алмаштыргыңыз келсе сиз каалаган тилдин номери көрсөтүлгөн USSD – буйрукту терүү гана жетиштүү. MegaCom түйүнүнүн бардык абоненттери бул опциядан акысыз пайдалана алышат.

2008-жылдын 1-июнуна чейин «4 тил» опциясы тесттик тартипте иштейт. Системадан кандайдыр бир жаңылыштыктарды же ката болсо, расмий сайтыбыздын «Суроо бериңиз» деген бөлүмүнө жазган абоненттерибизге MegaCom компаниясы алдын ала ыраазычылык билдирет.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Бизнес гудок»

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)