Перейти на новый сайт

Биз миллионго жеттик! Биз үчүн бул чек эмес!

 

Биз миллионго жеттик! Биз үчүн бул чек эмес!

MegaCom компаниясы өзүнүн көптөн көп күткөн чегине  - түйүнгө миллионунчу абнонентин кошууга жеткени калды.

MegaCom түйүнүн миллионунчу абоненттин кошулушу июль айында күтүлүп жатат. Компаниянын тарыхына аты жазылчу уюлдук байланыштын бактылуу пайдалануучусу Кыргызстандын каалаган облусунун тургуну, каалаган тарифтик пландын абоненти боло алат. Оператордун автоматташтырылган отчеттук системасы кошулган датаны, убакыт жана жергесин дароо билдирип, абоненттин өзүнө да маалымдалат.

«Бул биздин компания үчүн көптөн күткөн жана өтө кубанычтуу, биз алдын ала даярданган иш чара, - деп MegaCom коммерциялык дирекору Александр Ходырев бөлүштү. – Биз миллионунчу абоненттен тышкары бардык кыргызстандыктар үчүн да белектерди камдадык. Алар баарына жагат деп ишенем».

Миллионунчу абонентти Түштүк-Чыгыш Азиянын ысык өлкөлөрүнө эки жумалык эң кызыктуу саякат күтөт: Тайланд, Малазия жана Сингапурга ал өзүнүн түгөйү же жан шериги менен сапар тартса болот. Жолдомонун бактылуу ээси таанып-билүү экскурсиялары боюнча чыгыш курортторунун эң атактуу шаарларына бармакчы: Тайланддын жүрөгү, периштелер шаары – Бангкок, Сиам булуңундагы бакчалар жана оттордун шаары – Куала Лумпур, «экватордогу Европа» шаары – Сингапур жана Индия океанындагы мемиреген бейпилдиктин экзотикалык бурчу – Сентоза аралы. 

Маанилүү датадан кийин Бишкектин көчөлөрүндө фокусниктердин, КВН-командаларынын, велосипедчилердин жана роллерлердин катышуусундагы майрмадык акциялар өткөрүлөт. Майрамдоо «АлаТоо» аянтындагы абдан чоң, ардактуу мейман катары белгилүү орусиялык  «Банд’Эрос» R&B тобунун катышуусундагы концерт менен аяктамакчы.

КМШ алкагындагы бардык бий аянттар менен медиа-эфирлерди жаңырткан топтун концертине баруу каалагандардын баарына кыйынчылыкка турбайт, анткени кирүү жалпы баары үчүн акысыз. «Банд’Эрос» хит ырларын жандуу аткаргандан сырткары MegaCom компаниясы ал күнү борбор калаабызды дагы бирнече сюрприз менен кубандырмакчы. Ал кандай сюрприз экенин жакын арада биле аласыздар.

Феериялык майрамдын башталышына саналуу гана күн калды, күтө турсак ал кандай сыр экенин чечебиз. «Банд’Эрос» жандуу ырдак толук кандуу концертин чандалар гана угушкан. Андыктан өткөрүп жибербегиле!

555 командасы. Бардыгы – өз адамдар!

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы