Перейти на новый сайт

MegaCom күрөш боюнча Азия чемпиондоруна сыйлык тапшырды

MegaCom күрөш боюнча Азия чемпиондоруна сыйлык тапшырды

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаменти менен биргеликте 18-апрелден 25-апрелге чейин Улан-Батор шаарында (Монголия) өткөн күрөш боюнча Азия Чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болгон балбандарга жана Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрүнө сыйлык тапшырды.

Грек-рим күрөшү, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчуларды, алардын машыктыруучуларын, дарыгер, укалоочуларын сыйлоо аземи 30-апрелде Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

Салтанаттуу иш-чара MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун түзүлгөндүгүнүн 16 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү. Компания бул мааракени белгилөөгө жумшала турган каражатты КРнын алдыңкы спортчуларына багыттоону чечкен.

Азия Чемпиондугунда өзүн ийгиликтүү көрсөткөндүгү үчүн 14 балбан эксклюзивдүү статуэткага ээ болду: алтын медалдын ээлери - Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Тынар Шаршенбеков жана Медет кызы Айпери, күмүш байгеге ээ болушкан - Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова. Ошондой эле коло медалдын жеңүүчүлөрү - Адилхан Нурланбеков, Роман Ким, Yзүр Жузупбеков, Алмаз Сманбеков, Улукбек Жолдошбеков, Исламбек Орозбеков жана Арсалан Будажапов.

MegaCom компаниясынын акчалай сыйлыктары грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаевге, грек-рим күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу Улугбек Карачолоковго, КРнын эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучусу Русланбек Маджиновго, эркин күрөш боюнча курама команданын улук машыктыруучусу Табалды уулу Сүймөнкулга, КРнын күрөш боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго, күрөш боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Константин Еремичге тапшырылды.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өз кезинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинен ыраазычылык кат алды. Сыйлыкты Департаменттин директору Канат Шабданбеков тапшырды.

Салтка айланып калгандай эле, MegaCom компаниясы Кыргызстанда сергек жашоо образын пропагандалаган, дене тарбия жана спорт үчүн мыкты шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорго активдүү колдоо көрсөтөт. Көп жылдардан бери ири спорттук трасляция, турнир жана чемпиондуктар MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун аты менен байланышта өтүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы