Перейти на новый сайт
MegaCom'дун кеңселеринде 600дөн ашык сервис жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүңүз

MegaCom'дун кеңселеринде 600дөн ашык сервис жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүңүз

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору биздин тармактын миллиондогон колдонуучуларынын ишенимин жогору баалайт жана абоненттер үчүн эң ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет жасайт!

MegaCom'дун бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда сиздер 600дөн ашык сервис жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүн экендигин эсиңиздерге салабыз, анын ичинен көпчүлүгүнүн комиссиясы 0 сомду түзөт.

MegaCom'дун кеңселеринде абоненттер дароо төмөнкүлөрдү аткара алат:

  • уюлдук байланыш, интернет, телефония, телеберүү жана башка кызматтар үчүн акы төлөө;
  • КМШ өлкөлөрүндөгү байланыш операторлорунун кызматтары үчүн төлөм жүргүзүү;
  • коммуналдык төлөмдөрдү ишке ашыруу;
  • эсепти, банк карталарын, депозитти толуктоо жана насыяны төлөө;
  • электрондук капчыкты толуктоо жана Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинанын банктарынын карталарына эл аралык акча которуулар;
  • «Коопсуз шаардын» айып пулдарын 70%дык арзандатуулар менен төлөө, электрондук патентти, соттолбогондугу тууралуу аныктама жана башка мамлекеттик төлөмдөрдү жүргүзүү.

Төлөм жүргүзүү үчүн паспорт менен MegaCom'дун жакын жайгашкан кеңсесине (Сатуу жана тейлөө борборунун тизмеси менен компаниянын расмий сайтынан таанышсаңыз болот) барып реквизиттерди көрсөтүп, кассага керектүү сумманы төгүү жетиштүү.

MegaCom – мамлекеттик уюлдук байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы