MegaPay тиркемесинде «Халык Банктын» карталарын жана эсептерин толуктап, насыяларын төлөңүз
«Халык Банк Кыргызстан» ААКтын банктык карталарын жана алыш-бериш эсебин толуктап, ошондой эле насыяларды MegaPay тиркемеси аркылуу бир-эки кадам менен КОМИССИЯСЫЗ төлөңүз!
Бул үчүн:
- MegaPay тиркемесин Google Play же App Store'дон жүктөп же жаңылаңыз;
- «Төлөмдөр» бөлүмүнө кириңиз;
- картаны же алыш-бериш эсебин толуктоо үчүн: «Банктык кызматтар» бөлүмүн тандап, андан соң «Халык Банк. Карталарды толуктоо» же «Халык Банк. Эсепти толуктоо» деген баскычты тандаңыз;
- насыяларды төлөө үчүн: «Насыяларды төлөө (Банктар)» сервисин тандаңыз, андан соң «Халык Банк. Насыяларды төлөө» бөлүмүнө өтүңүз;
- сумманы жазыңыз, тиешелүү реквизиттерди киргизип, төлөмдү тастыктаңыз.
Даяр! Ал эми кызмат үчүн алынуучу комиссия – 0%.
MegaPay – сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!