Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттерди Куршаб айылындагы жаңы Сатуу жана тейлөө борборуна чакырат

MegaCom абоненттерди Куршаб айылындагы жаңы Сатуу жана тейлөө борборуна чакырат

MegaCom компаниясы Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылынын Кадырбек Мырзаев, 86 көчөсүндө жаңы Сатуу жана тейлөө борбору ачылганын кубануу менен кабарлайт.

Аталган Сатуу жана тейлөө борборуна келген кардарлар MegaCom'го кошулуп жана байланыш кызматтары, компаниянын сервистери, ошондой эле жаңы тарифтик пландар боюнча адистерден квалификациялуу кеңештерди ала алышат.

Куршабда жаңы тейлөө борборунун ачылышына карата, MegaCom конокторго жагымдуу сюрприз даярдады. Тарифтик пландардын бирине кошулган жаңы номерди сатып алган ар бир кардарды атамекендик байланыш операторунун фирмалык сувенир иретиндеги продукциялары күтөт.

Акция 2021-жылдын 15-октябрынан 15-ноябрына чейин уланат. Шашылыңыздар!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы