Перейти на новый сайт
Картаң адамдарга жардам берүү акциясы


Картаң адамдарга жардам берүү акциясы

MegaCom компаниясы пенсионерлерге жардам берүү кайрымдуулук акциясын аяктады.

Бишкек шаарынын 328 пенсионери MegaCom компаниясынан азык-түлүк түрүндөгү жардам алышты. Тактап айтканда, пакеттерде өсүмдүк майы, буурчак, гречка, күрүч, сулуу, печенье, шоколад конфеттери, балык консервалары, кум шекер, ун, чай жана сгущенка салынган. MegaCom компаниясынын кызматкерлери оор пакеттерди пенсионерлердин үйүнө чейин атайын бөлүнгөн унаа менен жеткирип беришти.

MegaCom компаниясы биздин ардагерлер жөнүндө майрам күндөрү гана эстебейт. Жакын адамдарынын колдоо көрбөй калган аз камсыз болгон ардагерлерге жардам берүү – булл компаниянын корпоративдик стратегиясынын бирден-бир маанилүү бөлүгү. Үч айда бир жолу 5 коомдук бирикмелерге топтолгон Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары уюлдук операторунан азык-түлүк алып турушат. Ал эми тез аранын ичинде дарылоого муктаж болгон адамдар да жардамсыз калышпайт.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы