MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, саат 13:00дөн кийин келип чыккан жабдуудагы аварияга байланыштуу, мобилдик маалыматтарды өчүрүп/жандырууда же 2/3/4G режимдерин алмаштырууда убактылуу кыйынчылыктар байкалууда. MegaCom түйүнүнүн ичиндеги жана башка түйүндөргө чалуулар жана SMS жөнөтүүлөр ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.
Мындан тышкары, Кардарларды колдоо кызматынынын линиясындагы ашыкча жүктөмгө байланыштуу, *500 номуруна чалууда кыйынчылыктар болушу мүмкүн.
Азыркы учурда техникалык адистер тарабынан мүчүлүштүктөрдү тез аранын ичинде жоюу боюнча иштер аткарылып жатат. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.