Перейти на новый сайт
MegaCom Жаңы жылга карата эксклюзивдүү календарын даярдады

MegaCom Жаңы жылга карата эксклюзивдүү календарын даярдады

MegaCom, 2017-жылды утурлай,  өз кардарларына жана өнөктөштөрүнө оригиналдуу календарлар түрүндөгү өзгөчө белектерди даярдады. Бул жылкы  жаңы календардын Башкы темасы шырдак  болду. ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизилген жана кийизден жасалуучу бул азем буюмдун жасалуу техникасы татаал. Белгилей кетсек, жаңы жылдык календарлар үчүн шырдак темасын тандап алуу идеясы бекеринен жаралган жок. Анын себеби  мобилдик оператордун  улуттук баалуулуктарды колдоого өзгөчө маани бергендигинде.

Шырдактарга жакшылап көз жүгүрткөн адам  ар бир оюуда өзгөчө сыр катылып жаткандыгын байкабай койбойт. Маселен, шырдактын жээктериндеги ак жана кара үч бурчтуктар тоолорду элестетет. Кызыл жана ак түстөр тукум улоо, жашыл түс тоолорду, көк жана кызыл өңдөрдүн айкалышы көл бермети Ысык-Көл менен чокусу  асман тиреген   Ала-Тоонун биримдигин чагылдырат.

Улуттук оюулар түшүрүлгөн 12 барактан турган бул календарлар көргөндүн көз жоосун алып, заманбап интерьерге да айкалышат. Кийизден жасалган мега-балатынын сүрөтү  болсо  кооздугун арттырып тургандай.

Календарды жасалгалоо үчүн колдонулган шырдактардын автору- Зымраткан Сакеналиева.  Колунан көөрү төгүлгөн чебер уз  Нарын облусунун Ат-Башы айылынан. 20 жылдан бери шырдак жасоо менен узанып келет. Бүгүнкү күндө анын чеберканасында 60ка жакын кол өнөрчүлөр  эмгектенишет.

З.Сакеналиеванын  эмгектери  «Кыргыздардын салттуу килемдерин-ала кийизди жана шырдакты даярдоо искусствосу» аталмасын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине  киргизүү боюнча ЮНЕСКОнун сертификатына  ээ.

Көргөндүн көзүн тайгылткан кооз шырдактар  көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык көргөзмөлөрдө, конкурстарда жогорку баага татыктуу болуп келет.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы